Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Коронавирустун "дельта" штаммынан улам дүйнөдө чектөөлөр кирди


Индонезиядагы эмдөө иштери.
Индонезиядагы эмдөө иштери.

Азия-Тынч океан чөлкөмү коронавирустун “дельта” түрүнүн жайылышына байланыштуу буга чейинки чектөөлөрдү узартып, кайра жаңы чараларды киргизе баштады.

Европа менен АКШда коронавируска каршы эмдөө күчөтүлүп, чектөөлөр четинен алына баштаган шартта Азия-Тынч океан аймагында жана Түштүк Африка Республикасында алгач Индияда катталган коронавирустун жаңы түрүнүн кескин жайылышы эксперттердин кооптонуусун жаратты.

27-июндан тарта Австралия коронавирустун “дельта” штаммынын жайылышын ооздуктоо үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизди. Сидней шаарынын миллиондогон калкына жума бою үйүнөн эч жакка чыкпай, обочолонуу тартибин сактоого буйрук берилди.

Индонезияда бир суткада 21 миң киши илдетти жугузуп алганы аныкталып, пандемия башталгандан берки жаңы рекордук көрсөткүч болгону жарыяланды. Бирок иш жүзүндө ооруга чалдыккандардын саны андан алда канча көп экени айтылууда.

Башкалаа Жакартанын ооруканаларында орун калбай калганы кабарланды. Өлкөдө эмделгендерди саны жалпы калктын болгону 6% түздү.

Таиландда дагы ресторан, кафе жана көңүл ачуу борборлор же спорттук иш-чаралар өтчү коомдук жайларда жаңы чектөөлөр киргизилди.

Бангладештин бийлиги 28-июндан тарта катуу карантиндик чаралар жана атайын чектөөлөр кайрадан калыбына келтириле турганын жарыялады.

Түштүк Африка республикасында элдин жапырт чогулушуна жана ичимдиктерди сатууга тыюу салынып, коменданттык сааттын мөөнөтү узартылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG