Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси алмашты


Азамат Сакиев.
Азамат Сакиев.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору болуп Азамат Сакиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Анда ишканада жетекчинин алмашуусуна Инвестицияларды илгерилетүү министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлк фондусунун көрсөтмөсү себеп болгону жазылат. Бирок себеби айтылган эмес.

Мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, Азамат Сакиев 32 жашта. Ал темир жол тармагындагы эмгек жолун 2019-жылы "Кыргыз темир жолу" ишканасында материалдык-техникалык камсыздоо боюнча филиалынын "Мамлекеттик сатып алуулар" бөлүмүндө иштөөдөн баштаган.

“Азаттык” радиосу буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупция жөнүндө иликтөө жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG