Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

29-июндун аба ырайы


29-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36;

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн 17…19°, күндүз 34…36° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG