Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

НАТО жана анын өнөктөштөрү Кара Деңизде машыгууларды өткөрөт


Украина. SeaBreeze-2020 аскер-деңиз машыгуулары. Одесса.
Украина. SeaBreeze-2020 аскер-деңиз машыгуулары. Одесса.

Орусия Украинанын деңиз сууларын талашып, эскертүү берген шартта Кара Деңизде 32 мамлекеттин аскер-деңиз күчтөрү машыгууларды өткөрө турган болду.

Машыгуулар британдык аскер кемесине байланыштуу соңку окуядан улам мамиле курчуп турган учурга туура келди.

Жылда өтчү Sea Breeze деген аталыштагы машыгуулар 28-июндан 10-июлга чейин созулат.

Ага Кара Деңиз боюндагы өлкөлөр, НАТОгө мүчө мамлекеттер жана анын өнөктөштөрү катышат.

Ага аскер-деңиз флотторунун 5 миң аскери, 32 аскер кемеси, 40 аскер учагы жана 18 сууда сүзүүчү жана атайын топтор тартылган.

Бул жылы АКШ менен Украина да биргелешип, деңиздеги жана кургактагы аскер күчтөрүнүн катышуусунда аскердик машыгууларды өткөрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG