Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Мурдагы вице-мэрди эркиндикке чыгарган асфальт 


Мирдан Амантуров "Кыргызасфальтсервисти" 12 жыл (2007-2009) жетектеп, 2019-2020-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри болгон.
Мирдан Амантуров "Кыргызасфальтсервисти" 12 жыл (2007-2009) жетектеп, 2019-2020-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри болгон.

Июнь айынын башында соттун чечими менен Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Анын бошоп кетишинде шек жараткан жагдайлар көп. Аны 2020-жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармап, коррупциялык схемага тиешеси бар экени айтылган. Амантуровдун иши УКМКда тергелип жаткан учурда атайын кызматтын имаратынын тегерек-четине, кызматкерлери машинесин токтоткон жерге чейин алфальт төшөлүп жатты. Курулуш иштери жакын арада жыйынтыкталышы керек.

“Азаттык” бул эки окуянын байланышын, Амантуровдун мэрияда иштеп турган учурдагы топтогон эбегейсиз байлыгын иликтеп чыкты.

Соттун алдындагы жолугушуу

Бул иликтөөнүн жасалышына соттун алдындагы күтүлбөгөн жолугушуу себеп болду. 3-июнда журналисттер Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы карала турган Биринчи май райондук соттун кире беришинен мурдагы вице-мэр Мирлан Амантуровду кезиктирип калышкан. Ал өткөн жылы жемкорлукка шектелип кармалган эле. Бул окуядан кийин Мирлан Амантуровдун качан, кандай жүйө менен бошоп кеткенине кызыга баштадык. 14-июнда Sot.kg сайтына жарыяланган соттун чечиминде 2020-жылы 30-декабрда кармалган Амантуровдун эки аптадан кийин, тагырагы 2021-жылы 14-январда үй камагына чыгып кеткени жазылган. 3-июнда болсо Биринчи май райондук соттун чечими менен Амантуровго козголгон кылмыш иши толугу менен кыскарып кеткен.

Мирлан Амантуровго карата чыккан соттун чечими.
Мирлан Амантуровго карата чыккан соттун чечими.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Амантуров 2015-2019-жылдары, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасын жетектеп турган учурда өзү менен байланыштуу компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммага муниципалдык буюртмаларды берип, ошол акчанын бир бөлүгүн өзүнө алып жүргөн. Расмий органдар ачык булактардагы документтерге Амантуров менен байланыштуу компаниянын аталышын кыскартып “С.М.Г” деп жазган. "Азаттык" соттун документинде "С.М.Г" деп жазылган компаниянын “Семь Мега Групп” экенин аныктап чыкты. Аталган компания 2015-жылдан бери «Бишкекасфальтсервистен» 21 лот, же болбосо 74 млн. 204 миң 973 сомдун тендерин уткан.

"Семь Мега Групп" компаниясынын "Бишкекасфальтсервистен" уткан тендерлердин бир бөлүгү.
"Семь Мега Групп" компаниясынын "Бишкекасфальтсервистен" уткан тендерлердин бир бөлүгү.

Тергөө материалдарында Мирлан Амантуров түзгөн келишимдердин жыйынтыгында мамлекетке 25 млн. 203 миң 700 сом зыян келтирилгени жазылган. 3-июндагы соттун отурумунда Мирлан Амантуровдун адвокаты айыпталуучу келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөнүн жүйө келтирип, ишти токтотууну өтүнгөн. Муну прокурор дагы колдоп, жыйынтыгында Биринчи май райондук соту Амантуровго козголгон кылмыш ишин кыскартуу чечимин кабыл алган.

Мэриядагы ири коррупциялык схемага катыштыгы бар делген Амантуровдун толук бошоп кетишинин башка себептери болушу мүмкүнбү?

Эми УКМКдагы курулуш жөнүндө айтып беребиз.

УКМКны айланта асфальт баскан компания

"Меади" компаниясына таандык асфальт төшөй турган машине УКМКнын имаратына кирип бара жатат.
"Меади" компаниясына таандык асфальт төшөй турган машине УКМКнын имаратына кирип бара жатат.

Амантуровдун иши УКМКда тергелип жаткан учурда атайын кызматтын тегерек-четине алфальт төшөлө баштады. 12-июнда атайын кызматтын имаратына алфальт төшөй турган оор техника кирип, ичинде эки күн бою иштеди. Бул машиненин капталындагы Super 1804 деген жазуудагы "е" тамгасы УКМКга асфальт төшөп жаткан компанияны табууга жол ачты. Жакшылап карасаңыз аталган тамга сүрүлүп, өңү өчө түшкөн.

"Меади" компаниясынын инстаграм баракчасынан алынган сүрөт.
"Меади" компаниясынын инстаграм баракчасынан алынган сүрөт.

Жол салган “Меади” компаниясынын "Инстаграмдагы" расмий баракчасына 4-майда “сезонду ачып атабыз” деген аталыш менен сүрөттөрдүн топтому жүктөлгөн. Андагы асфальт төшөгөн техника менен УКМКнын имаратына кирип кеткен машиненин өңү, капталындагы жазуусу жана сүрүлүп калган "е" тамгасы дагы окшош. “Меади” компаниясы алгач техникалары УКМКга асфальт төшөп жатканын танып, компаниянын кеңсесине бизди киргизген жок. Качан гана далилдерди көрсөткөнүбүздө техникаларын ижарага бергенин билдиришти. Бирок кайсы компанияга бергенин, ортодогу келишимди көрсөтүшкөн жок. Компаниянын башкы инженери Султан Таабалдиев мындай деди:

"Биз техникаларыбызды жеке жактарга ижарага бергенбиз. Ортодо түзүлгөн келишимибиз бар. Бирок башкы директордун уруксат жок көрсөтө албайбыз".

Юстиция министрлигинен 2014-жылы кайра каттоодон өткөн “Меади” компаниясынын негиздөөчүсү катары Эльвира Бекниязова көрсөтүлгөн. Шайлоочулардыгн тизмесин текшерген tizme.gov.kg сайтында Бекниязова Тоң районундагы Оттук айылында каттоого турганы жазылган. 12 жыл «Бишкекасфальтсервисти» жетектеп, андан кийин вице-мэр болгон Мирлан Амантуров ушул айылдан болот. “Азаттыктын” өздүк булактары Эльвира Бекниязова Амантуровдун апасы экенин айтып беришти.

Султан Таабалдиев
Султан Таабалдиев

""Меади" компаниясы Мирлан Амантуровдун туугандарына таандык. Анын түз байланышы жок. Кимисине экенин так айта албайм. Компания Амантуровдун үй-бүлөлүк бизнеси болуп эсептелет. Мен бул жерде бир жылдан бери иштейм. Бул аралыкта Амантуров бир дагы жолу келген эмес",- деди "Меади" компаниясынын башкы инженери Султан Таабалдиев.

Анын сөзүн "Меади" компаниясынын кароолчусу жокко чыгарып, Мирлан Амантуров компания жайгашкан жерге байма-бай каттап турарын билдирди. Ал эми Амантуровдун капчыктуулар жашаган Елецкий көчөсүндөгү үйүнө барганыбызда, өзүн анын иниси катары тааныштырган жаран агасы "Меади" компаниясына кеткенин, ал жерде дайыма барып турарын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети дагы деле комментарий берүүдөн карманып, асфальтты кайсы компания, канча акчага басып жатканын айтпай коюшту. Эмне себептен кылмышка шектүү адамга таандык компаниянын техникалары УКМКга асфальт төшөп жатканына расмий жооп ала алган жокпуз.

“Меади” – мамлекеттик кызматкердин менчик заводу

Юстиция министрлигигинин сайтында “Меади” компаниясынын юридикалык дареги катары Восток айылынын Ленин көчөсүндөгү 58-үй көрсөтүлгөн. Бирок ал жерде ири компания эмес, эски үй турат. “Меади” юридикалык даректен анча алыс эмес жерде жайгашкан.

“Меади” Кыргызстандагы ири компаниялардын бири. Ал БЧКнын жээгиндеги 1.8 гектар жерди ээлейт. Төрт тарабы бийик тосмо менен курчалган бул жерде асфальт жана бетон чыгарган эки завод бар. Бийиктиктен бир нече имаратты жана компанияга таандык техникаларды дагы көрүүгө болот.

"Меади" компаниясынын бийиктиктен көрүнүшү. Компания Чоң Чүй каналы тараптагы 1,8 гектар жерди ээлеп жатат.
"Меади" компаниясынын бийиктиктен көрүнүшү. Компания Чоң Чүй каналы тараптагы 1,8 гектар жерди ээлеп жатат.

Спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, азыр завод турган жерде 2012-жылы эч нерсе жок болуп, 2013-жылдары теплица курулган. Кийин, 2014-2015-жылдары жеке менчик асфальт завод курулуп бүткөн. 2018-жылы болсо теплица толугу менен бузулуп, анын ордуна бетон чыгарган завод пайда болгон. Ошентип 2007ден бери 12 жыл “Бишкекасфальтсервисти” жетектеген Мирлан Амантуров Кыргызстандагы жеке менчик ири заводдун ээси болуп калды. Адистердин айтымында, мындай завод 100-200 миң доллардан баштап, миллион долларга чейин бааланат.

“Меади” 2015тен 2019-жылга чейин мамлекеттик мекемелер өткөргөн 95 тендерге катышып, анын 43үндө жеңүүчү деп табылган. Аталган тендерлердин жалпы суммасы - 194 млн. 965 миң 539 сомду түзөт.

Кара-Сакалдагы кашар

Мирлан Амантуровдун жеке менчик асфальт заводунан тышкары өзү туулуп өскөн Оттук айылында жана Сокулуктун Кара-Сакалында бир нече сарайлары бар. Анын сарайында иштеп кеткендердин айтымында, Амантуров миңден ашык койдун, жүздөгөн уйлардын жана асыл тукум жылкылардын ээси.

Мэриядагы коррупциялык ишке шектелген Мирлан Амантуровдун Сокулуктун Кара-Сакал айылындагы кашары.
Мэриядагы коррупциялык ишке шектелген Мирлан Амантуровдун Сокулуктун Кара-Сакал айылындагы кашары.

Бул Мирлан Амантуровдун Кара-Сакал айылындагы кашары. Анда уй, кой жана жылкы кармаган үч сарай, жумушчулары жашай турган үй бар. Амантуров өзгөчө жылкы баласына абдан жакын. Ошондуктан кашардын ичине күлүк таптап, ат бастыра турган чакан стадион дагы курган.

Амантуров "Меади" компаниясынын короосунда ат минип турат. Сүрөт Мирлан Амантуровдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Амантуров "Меади" компаниясынын короосунда ат минип турат. Сүрөт Мирлан Амантуровдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында Амантуров Кара-Сакал айылындагы кашарды 3-4 жыл мурун сатып алган. Муну спутниктен тартылган сүрөт дагы тастыктайт. 2015-жылы бул жерде эски сарайдын орду туруп, тегерек чети ачык болгон. Амантуров 2018-жылы эки гектар жерди тегерете курчап, ичине жаңы имараттарды куруп бүткөн.

Өксүгөн "Бишкекасфальтсервис", өнүккөн жеке бизнес

Өзүнүз көргөндөй мамлекеттик кызматкер Мирлан Амантуровдун бизнестери 2015-жылдан кийин өркүндөп, заводдун курулушу аяктап, эки гектар жерди ээлеп жаткан сарай дагы курулган. Бирок ошол эле маалда Амантуров жетектеген “Бишкекасфальтсервистин” иши илгерилеген эмес. Аталган муниципалдык мекеменин азыркы учурда 700 млн. сомдон ашык дебитордук карызы бар. Анын көпчүлүгү Мирлан Амантуров жетекчи болуп турган учурда чогулган. Муниципалдык ишкананын азыркы жетекчиси Максат Шеримбаев “Бишкекасфальтсервистин” абалы боюнча буларды айтты:

"Азыр акыбалыбыз кичине оор болуп атат. 750 млн. сом дебитордук карызыбыз бар. Бул бүтпөй калган жолдордон улам пайда болгон карыз. Бирок андан чыгууга аракет көрүп жатабыз. Буюрса, ушул жылдын ичинде кутулганга аракет кылабыз".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине асфальт төшөлүп бүтүп калды. Мекеменин басма сөз кызматы кайсыл компания, канча каражатка асфальт басып жатканын айтуудан баш тартууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG