Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ашхабадда кыргыз-түркмөн президенттери жолугушту


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Ашхабад 28.06.2021
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Ашхабад 28.06.2021

Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жолугушту.

Эки президент эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулашат.

Түркмөнстандын президентинин расмий сайтында кыргыз-түркмөн алакасын жакшыртуу максатында эки тараптуу документтерге кол коюлары жазылды.

Садыр Жапаров Ашхабадга кечээ 27-июнда барып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышкан.

Ал Кыргызстан инвесторлорго шарт түзүүгө көңүл бурарын айтып, Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана энергетика тармагында иш алып барган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин белгилеген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-июнда Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барарын айтып, бул өлкөдөн газ жана электр энергиясын алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG