Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Тажикстанда Кытайдын ТВЕА компаниясынын жумушчулары иш таштады


Жумушчулар ичүүдөн баш тартып жерге төгүп салган тамак.
Жумушчулар ичүүдөн баш тартып жерге төгүп салган тамак.

Тажикстандын Айни районундагы Кумарги Боло алтын кенин иштетип жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын 200гө жакын тажикстандык жумушчусу ишканадагы тамак-аштын сапатына нааразылык билдирип иш таштады.

Маалыматка караганда, 25-июнда жергиликтүү жумушчуларга мурдагыдай эле күрүч жана арпа акшагы берилген. Алар мындай тамакты ичүүдөн баш тартып, нааразылык катары жерге төгүп салышкан.

ТВЕА компаниясы 2018-жылы Айни районундагы "Жогорку Кумарг" жана "Чыгыш Дуоба" алтын кендерин иштетүүгө лицензия алган. Мындай укук компанияга “Душанбе-2” жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) курулушуна короткон каражатын кайтарып алуу үчүн берилген. “Душанбе-2” долбоорунун жалпы баасы 340 миллион долларды түзгөн. Анын 331 миллион долларын Кытайдын Эксимбанкы жеңилдетилген насыя катары берсе, 17,4 миллионун Тажикстандын “Барки Точик” энергохолдинги бөлгөн.

Тажикстанда буга чейин да жергиликтүү жумушчулар укуктары бузулуп жатканын билдирип, кытайлык компанияларга нааразылыктарын айтып келишкен. Быйыл апрелде жумушчулардын укуктарын бузганы үчүн акцияларына China Nonferrous Gold Limited (CNG) кытай компаниясы ээлик кылган “Покруд” биргелешкен ишканасына 1500 сомони (133 доллар) айып пул салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG