Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Түркия Кара Деңиз менен Мрамор деңизине канал курууга киришти


Түркия. АКШнын жээк-көзөмөл күчтөрүнө караштуу Legend-class USCGC Hamilton үлгүсүндөгү кичи-кеме кайыгы.
Түркия. АКШнын жээк-көзөмөл күчтөрүнө караштуу Legend-class USCGC Hamilton үлгүсүндөгү кичи-кеме кайыгы.

Өткөн ишембиде Түркиянын тарыхындагы эң ири инфратүзүмдүк долбоор башталганы жарыяланды. Жүк ташыган кемелер жолду кыскартып, кеңири өтүшү өтүү үчүн Кара Деңиз менен Мрамор деңизин бириктирген чоң суу каналынын курулушу башталды.

Анын пайдубалын түптөө аземине президент Режеп Тайып Эрдоган өзү катышканын “Анадолу” агенттиги кабарлады.

“Стамбул” деген аталыш берилген Босфор кысыгын кайталаган жаңы каналдын курулушу 2028-жылы аяктай турганы пландалууда. Курулуш долбоорунун баасы алдын ала болжол менен 15 млрд. долларга барабар экени жарыяланды.

Президент Эрдоган эки деңизди бириктирчү суу каналын куруу демилгесинин көптөн берки тарапкери. Пайдубал түптөө салтанатында сүйлөп жатып ал жаңы суу каналы биринчи кезекте Стамбул шаарынын тургундарынын жашоосун жеңилдете турганын айтты. Ошондой эле соңку жылдары тыгын орун жаткан Босфор каналы өтчү кемелердин агымын азайта турганын кошумчалады.

Ошол эле кезде сурамжылоодо Стамбулдун тургундарынын көпчүлүгү каналды курууга каршы пикирин айтышкан. Анын курулушунун кооптуулугу боюнча экологдор дагы тынчсыздануу билдирип келишет.

Жаңы каналдын узундугу 45 чакырымды түзүп, туурасынын эң кыска жери 240 метрди түзөт.

Бирок "Стамбул” каналынын эл аралык макамы боюнча маселе жаралышы ыктымал. Юристтер Босфор кысыгынан кемелердин өтүшүн жөнгө салган эл аралык Монтрё конвенциясынын ага тиешеси жок экенин айтып жатышат.

Башка мамлекеттер муну түрк бийлигин деңиз сууларына ээлик кылуу аракети катары сыпаттап чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG