Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Ошто жол кырсыгынан эки адам каза болду, төрт жашар кыз табылбай жатат


Тар дарыясына түшүп кеткен "Портер" автоунаасын алып чыккан учур.
Тар дарыясына түшүп кеткен "Портер" автоунаасын алып чыккан учур.

24-июндун кечинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына "Портер" үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетип, андагы беш адамдын экөө каза болду, экөө жаракат алды. Төрт жашар кыз табылбай жатат.

Жыйынтык болбогондуктан 27-июнда издөө иштери убактылуу токтотулду. Эртең улантылат.

Ушуну менен Кыргызстанда июнь айынын ортосунан бери эле жол кырсыктарынан 20га чукул адам ажал таап, ондон ашык киши жаракат алды. Мерт болгондордун, жабыркагандардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркай, балдар да бар.

23-июнда Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда чек арачылар автокырсыкка кабылып, машинени айдап бараткан аскер каза болгон.

2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда катталган автокырсыктардын саны жана курмандыктары тууралуу расмий маалыматтар жарыялана элек. 2020-жылы өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 адам каза болгон. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 8% көп. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG