Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Талибдер курчоого алган Кундуздан миңдеген үй-бүлө качып чыкты


Ооганстанда ишмердик жүргүзүп жаткан гуманитардык уюмдардын маалымдашынча, 26-июнда Кундуз шаарынан беш миң үй-бүлө качып чыкты. Алар өкмөт күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз салгылашуудан улам үй-жайын таштап качууга аргасыз болушту. Талибдер Кундуз шаарынын айланасындагы райондорду да басып алышты.

"Азаттыктын" Кабулдагы кабарчысы Алим Кохкандын айтымында, АКШнын аскерлери Ооганстандан чыгып кете баштаганда "Талибан" жоочуларынын чабуулдары күчөдү.

АКШ аскерлерин чыгарып кетүү жараяны 1-майда башталган, 11-сентябрда аягына чыгары айтылган.

Талибдер соңку апталарда Ооганстандан Тажикстандын аймагына өтө турган жолду да көзөмөлгө алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG