Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

"Манас" аэропортунун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуев үй камагына чыкты


Бишкек. Эмир Чукуевдин тарапташтарынын митинги. 18.03.2021
Бишкек. Эмир Чукуевдин тарапташтарынын митинги. 18.03.2021

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы, коррупцияга шектелип камакта отурган Эмир Чукуев үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

“Эмир Чукуевдин бөгөт чарасы бүгүн, 27-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралды. Сот аны эч жакка кетпөө тил каты менен тергөө бүткүчө үй камагына чыгарды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал кандай шарт менен бошонгонун айта албайм”, - деди Жумабеков.

Бишкектин Ленин райондук соту бул маалымат тууралуу расмий кабар тарата элек.

Эмир Чукуев “Манас” аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген. Ал 9-февралда Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып кармалган.

Ленин райондук сотунун чечими менен ал 8-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Буга чейин Чукуевдин жакындары бир нече жолу Бишкектин Ленин райондук сотунун алдына нааразылык акцияга чыгышып, аны үй камагына бошотууну талап кылышкан. Буга анын ден соолугу начарлап кеткенин жүйө келтиришкен. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG