Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Коронавирус бир суткада миңге жакын кишиден аныкталды 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 992 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте (567).

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 27-июндагы маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясынан дагы алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, бирөө Чүйдө катталды. Муну менен илдеттин курмандыктары 1 977 кишиге жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 550 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда 120 865 киши вирус жугузуп алды. Анын 108 465и сакайды.

Учурда 2 995 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 127 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Ушул күндөрү Кыргызстанда 100 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

Кыргызстан эл аралык COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң дозасын күтүп жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG