Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:52

Ооганстандагы кырдаалдан улам Өзбекстанда аскердик машыгуу башталды


Аскерий техникалар.
Аскерий техникалар.

Ушул күндөрү Өзбекстандын Коргоо министрлиги аскердик машыгууларды өткөрүп жатат. Бул иш-чара Ооганстандагы талибдер Борбор Азия өлкөлөрү менен чектеш аймакты курчап турган кезге туш келди.

"Азаттык” радиосунун өзбек кызматы билдиргендей, коргоо министринин жетекчилиги астында Ташкент жана Түштүк-Батыш атайын аскер округдарында, аскер бөлүктөрүндө машыгуулар болуп, абадан коргонуу күчтөрүнүн даярдыгы текшерилүүдө.

Машыгуунун качан аяктары азырынча айтыла элек.

Талиб жоочулары соңку апталарда Ооганстандын түндүгүнө чабуулун күчөтүп, ондогон районду өзүнө каратып алды.

Борбор Азия менен чектешкен 20га жакын районду, Тажикстан менен чек арадагы негизги өткөөл - Шерхан-Бандар шаарчасын, Өзбекстан менен чектеш Балх провинциясын ээлешти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG