Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Рябков АКШ элчиси менен мамилени жакшыртуу үчүн жолугат


Сергей Рябков
Сергей Рябков

26-июнда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москвага кайтып келген АКШ элчиси Жон Салливан менен жакын арада жолугушууну пландап жатканын билдирди.

Рябков ТАСС агенттигине берген маегинде, эки тарап киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча акыркы келишимдерди баштоо максатын көздөп жатышканын айтты.

"Кийинки жумада мен элчи Салливан менен жолугушам", - деди Рябков.

Өткөн шаршембиде Женевада Байден менен Путин жолугушканда элчилерди кайтаруу тууралуу макулдашылган. Дүйшөмбүдө орус элчиси Анатолий Антонов Вашингтондогу миссиясын улантуу үчүн жөнөп кеткен.

Март айында АКШ президенти Жо Байден орус мамлекет башчысы Владимир Путинди “киши өлтүргүч” деп атагандан кийин Антоновду Москвага чакыртып алышкан.

Андан кийин Москва Жон Салливанга Вашингтонго кеңешмеге барууну сунуш кылып, дипломат мекенине кайткан.

АКШ менен Орусия ортосундагы мамилелер Навальныйдын камалышы, орус аскерлеринин Украина менен чек арага тартылышы, орусиялык делген хакерлердин америкалык куурга киберчабуулуна байланыштуу начарлап кеткен. Москва ал чабуулга тиешеси жоктугун айтып, ички иштерине, анын ичинде Навальныйдын өкүмүнө кийлигишип жатат деп АКШны айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG