Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Абактагы Жээнбеков кайрылуу таратты


Асылбек Жээнбеков
Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан Асылбек Жээнбеков элге кайрылды. Саясатчынын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган билдирүүдө ал күнөөсүз экени айтылат.

“Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда. Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. “Кумтөр” иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат”, - деп жазган Асылбек Жээнбеков.

Жээнбеков Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда кармалган. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

22-июнда Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранып, билдирүү таратышкан. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG