Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Садыр Жапаровдун Ашхабадга сапары башталды


Садыр Жапаров Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропортто. 27-июнь, 2021
Садыр Жапаров Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропортто. 27-июнь, 2021

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды. Аны Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды.

Садыр Жапаров Түркмөнстанда 27-28-июнь күндөрү болот. Анын алкагында Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулай турганы күтүлүп жатат.

Жапаров мындан тышкары кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат жана Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.

Андан ары Жапаров 28-29-июнда Тажикстанга расмий сапар менен барат. Тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт.

Садыр Жапаров буга чейин Борбор Азиядагы мамлекеттерден Өзбекстанга жана Казакстанга барган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG