Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

COVID-19: Бишкекте ооруканалар толуп калды


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкектеги стационарларда ачылган 3 миңге чукул орундан 58 керебет гана бош турат. Улуттук хирургия жана шаардык клиникалык ооруканаларда бош орун жок.

Ушул күндөрү коронавирус менен 9352 бейтап алышып жатат. Анын 2 995и стационарларда, амбулатордук дарыланууда (үй шартында) 6 357 бейтап бар.

Министрлер кабинети вирусту жайылтпоо чараларын көрүү үчүн элди жапырт эмдөөгө чакырууда. 27-июндагы маалыматка караганда өлкө боюнча жалпы 106 499 киши эмдөөдөн өттү.

Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын “Sinopharm” жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

Кытай препараты май айынын этегинде түгөнгөн. Кыргыз өкмөтү ушул тапта “Sinopharm” вакцинасынын экинчи партиясын күтүп жатат.

Мындан сырткары эл аралык COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери да кабарланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG