Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Москва: полиция милдеттүү эмдөөгө каршы чыккандарды күч менен таратты


Вакцинага кезекке тургандар. Москва. 27.06.2021
Вакцинага кезекке тургандар. Москва. 27.06.2021

Москвада полиция милдеттүү эмдөөгө каршы чыккандарды күч менен таратты. Сегиз адам кармалды. Алардын арасында Москва шаардык Думасынын депутаты Николай Зубрилин да бар.

Нааразы тараптын чогулушу Москванын Новопушкинский аянтында болуп жаткан. Анда Мамдуманын депутаты Валерий Рашкин эл менен жолугушуп, ага жүздөгөн адам келгени кабарланды.

25-июнда Орусиянын сегиз аймагында бир катар тармактын кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөө чечими кабыл алынган. Милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тартиби дүйшөмбүдөн тарта жалпысынан 18 аймакка киргизилди.

Орусияда соңку суткаларда 20 миңден ашуун киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч катары каралууда. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG