Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Эркин күрөш: кыргызстандык балбандар Түркияда беш медал алды


Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар.
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар.

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Түркияда өткөн Yasar Dogu турниринде беш медал утуп алышты.

Кыргызстандын күрөш федерациясы кабарлагандай, 65 кг салмакта Алибек Осмонов алтын тагынды. Ушул эле салмакта күрөшкөн Эрназар Акматалиев экөө финалга чыгып, Акматалиев күрөшпөй туруп эле жеңишти Осмоновго берип, өзү күмүш байгеге ээ болду.

61 кг салмак ченинде Улукбек Жолдошбеков коло байге алды. Ал эми 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло медал алды.

25-27-июнь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн мелдешке Кыргызстандын атынан баш-аягы 11 балбан катышты.

Эрназар Акматалиев Жапониядагы жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ал бул жолдомону быйыл апрель айында Казакстанда Азиялык квалификациялык мелдеште уткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG