Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

“Кумтөр Голд” алтынды сатуудан түшкөн каражат боюнча түшүндүрмө берди


“Кумтөр Голд” компаниясы.
“Кумтөр Голд” компаниясы.

“Кумтөр Голд” компанияга убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат тууралуу түшүндүрмө берди. Ишкананын расмий сайтына чыккан маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында 44 миң унций (ред: 1 тонна 247 килограммдан бир аз ашыгыраак) алтын сатылды. Анын жалпы баасы 82 миллион 234 миң доллар болду. Анын ичинен 41 миллион 952 миң доллар өндүрүштүк чыгымдарга кетип, дүң киреше 40 миллион 282 миң долларга жетти. Бул боюнча “Кумтөр Голддун” убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк да комментарий берди.

“Биз 40 миллион доллардан (ред: 40 миллион 282 миң доллар) ашык таза пайда көрдүк. Ал акча менен апрель, май айларында төлөнбөй калган карыздарды жаптык. Май айында керектүү тетиктерди сатып алууга мүмкүнчүлүк болду. Андан тышкары айлыкты да убагында бердик. Финансылык жактан азыр жакшы элебиз”.

Буга чейин “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилгенден кийин өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн таза киреше 40 миллион 282 миң доллар экени айтылган. 44 миң унций алтын жалпы канчага бааланганы тууралуу толук маалымат берилбегени коомчулукта суроо жараткан.

“Кумтөр Голд” быйыл 14,62-15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Жыл башынан бери 161 060 унций алтын өндүрүлдү.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы узартылат.

Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG