Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

АКШдагы кыргыз мушкери Баратов жеңишке жетти


Майкл Рассел жана Басызбек Баратов. 26-июнь, 2021-ж.  Кентукки. АКШ.
Майкл Рассел жана Басызбек Баратов. 26-июнь, 2021-ж.  Кентукки. АКШ.

Кыргызстандык мушкер Басызбек Баратов АКШнын Кентукки штатынын Ашленд шаарында өткөн профессионалдык бокс мелдешинде америкалык Майкл Расселди жеңип алды.

Баратовдун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, беттеш 26-июнда болду. 130 фунт салмакта (58.9 кг.) рингге чыккан мушкерлердин таймашында кыргыз боксчусу 2-раундда атаандашын нокаутка узатып, жеңишке жеткен.

"Буюрса, бул профессионалдык бокстагы төртүнчү жеңишим. Албетте бул жеңиш мен үчүн оңой болгон жок. Бул күндөргө мен аябай көп даярдандым. Кудай буюруп, атаандашымды 2-раундда нокаутка узаттым. Майкл Рассел професссионалдык бокста экинчи жолу беттешке чыгып, мага утулду. Буга чейин да бир жолу жеңилген. Майк профессионалдык бокска чейин ышкыбоздор арасында тажрыйбалуу спортчу болчу. Менежерим Майкл Максорлинин айтымында, азыркы учурда таймаш табуу кыйын. Ошондуктан азырынча кайсы атаандаш туш келсе беттеше беребиз. Алдыда ноябрь, декабрь айларында буюрса ABF куруна (Американын бокс федерациясы) беттешебиз".

Баратов ушуну менен профессионалдык боксто төртүнчү жолу жеңишке жетип жатат. Буга чейин ал жети беттеш өткөрүп, бир жолу утулуп, эки ирет тең чыккан.

Басызбек Баратов 29 жашта, 2015-жылдан бери АКШ да жашап, машыгып, Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Төрт жылга жакын тыныгуудан кийин машыгууларын улантып, быйыл рингге кайрадан чыга баштады. Май айында АКШнын Пенсилвания штандагы Питсбург шаарында өткөн таймашта америкалыкмушкер Ролан Харрисонду жеңген. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG