Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Кыргызстандык мушкер АКШда жеңишке жетти


Басызбек Баратов мелдештен соң. АКШнын Пенсилвания штаты. 17-май, 2021-жыл.
Басызбек Баратов мелдештен соң. АКШнын Пенсилвания штаты. 17-май, 2021-жыл.

17-майда АКШнын Пенсилвания штандагы Питсбург шаарында өткөн “Old shcool pro boxing Pandemic Pugilism” деген аталыштагы профессионалдык бокс таймашында кыргыз мушкери Басызбек Баратов америкалык мушкер Ролан Харрисонду утуп алды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" мушкердин менеджери Майкл МакСорли жуниор билдирди. Беттеш төрт раундга созулуп, жыйынтыгында үч калыс тең Баратовду жеңүүчү деп тапкан.

Басызбек Баратов беттештен соң менеджери жана жердештери менен. АКШ. Пенсилвания штаты. 17-май, 2021-жыл.
Басызбек Баратов беттештен соң менеджери жана жердештери менен. АКШ. Пенсилвания штаты. 17-май, 2021-жыл.

“Бул менин Америкадагы үчүнчү жеңишим. Рингге чыга элегиме төрт жыл болду. 2020-жылы беттешке чыгууга даярданып, бирок пандемиядан улам беттеш токтотулган эле. Быйыл биздин клуб пандемияга карабай мелдеш уюштурду. Шартка байланыштуу мелдешке саналуу гана көрүүчү кирип, беттеш онлайн көрсөтүлдү. Атаандашым америкалык Роналд Харрисон (Ronald Harrison) буга чейин жеңилип көрбөгөн, абдан күчтүү мушкер экен. Бирок ошого карабай жеңишке жеттим. Эми алдыда буюрса июнь айында да беттешке чыгыш үчүн келишим түзгөнү турам”, - деди кыргызстандык мушкер.

Баратов ушуну менен профессионалдык боксто үчүнчү жолу жеңишке жетип жатат. Буга чейин ал алты беттеш өткөрүп, бир жолу утулуп, эки ирет тең чыккан.

Басызбек Баратов учурда 29 жашта, 2015-жылдан бери АКШ да жашап, машыгып, Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. (GT)

XS
SM
MD
LG