Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Олжас Сулейменов 85 жашка чыкты


Олжас Сулейменов. 23-апрель, 2021-жыл
Олжас Сулейменов. 23-апрель, 2021-жыл

Казак эл жазуучусу, акын жана адабиятчы Олжас Сулейменов 18-майда 85 жашка чыкты. Калемгер 1936-жылы Алматы шаарында туулган.

Сулейменов 1970-жылдардын этегинде “Аз и Я” китебин чыгаргандан кийин СССРдагы улуттук азчылыктар арасында өзгөчө популярдуу болгон. Анда акын орустардын “Князь Игордун полку жөнүндөгү баяндоосунун” түбү түрк тилдүү элдерге таандык деп боолголойт.

Поэмадагы “Жер, адамга жүгүн!” деген сап биринчи космонавт Юрий Гагариндин мүрзөсүндө жазылып турат.

Жазуучу дипломатиялык жана коомдук-саясий ишмердиги менен да таанылган.

Сулейменов 2018-жылы белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов негиздеген “Ысык-Көл” форумуна катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG