Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Лукашенко митингчилерге каршы аскердик техника колдонууга уруксат берди


Александр Лукашенко. Минск, 18-май 2021-жыл
Александр Лукашенко. Минск, 18-май 2021-жыл

Александр Лукашенко нааразылык акцияларын басууда аскердик жана атайын техниканы колдонууга уруксат берген мыйзамга кол койду. Документке караганда, тартип коргоо органдары демонстранттарды кармоодо ошондой техниканы пайдаланганда келтирилген чыгым жана кармоо “мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлсө”, курал колдонуу үчүн жооп беришпейт.

Ошондой эле милиция кызматын аткарып жатканда аларды катардагы жарандар тарабынан видеого же сүрөткө тартууга тыюу салууга укуктуу.

Беларуста былтыр 9-августта болгон президенттик шайлоодон кийин массалык акциялар тутанган. Шайлоону өлкөнү 24 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңгени расмий жарыяланганы менен митинг катышуучулары жана оппозиция анын отставкасын талап кылып, шайлоо бурмаланганын айтып келишти. Күч түзүмдөрү демонстрациялардын катышуучуларына аёосуз мамиле кылышкан.

Укук коргоочу уюмдардын маалыматына ылайык, акцияларды басууда кеминде сегиз киши өлгөн жана 30 миңден көп киши репрессияларга кабылды, арасында журналисттер бар. Бир миңдей кылмыш иш козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG