Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Өзбекстанда оппозициялык партия каттоодон өткөн жок


"Акыйкат жана өнүгүү" социал-демократиялык партияcынын лидери Хидирназар Аллакулов
"Акыйкат жана өнүгүү" социал-демократиялык партияcынын лидери Хидирназар Аллакулов

Өзбекстандын Юстиция министрлиги "Акыйкат жана өнүгүү" социал-демократиялык партияны каттоодон баш тартты. Партиянын лидери Хидирназар Аллакулов "Озодлик" радиосуна билдиргендей, мекеменин "карама-каршылыктуу" катында кол тамгалардын бир бөлүгү кабыл алынбаганын, калгандары текшерилип жатканын маалымдады. Бирок министрликтин радиобуздун өзбек кызматына берген расмий жообуна караганда, партия катталган жок. Баш тартууну тапшырылган кол тамгалар мыйзамда каралган талаптарга жооп бербейт деп түшүндүрүштү.

Аллакулов активисттер жаңы колдорду топтоого киришкенин билдирди. Буга чейин активисттер айрым аймактарда кээ бир кишилер бийликтин кысымы астында партияны колдогон колдорунан баш тартышканын айтышкан. Кээ бир жактоочуларын тартип коргоочулар суракка чакырышканы белгилүү болгон.

Аллакулов партия түптөгөнүн жана президенттикке аттанаарын былтыр июнда жарыялаган.

Өзбекстандагы президенттик шайлоого алты айга жетпеген убакыт калганы менен, расмий талапкерлер дагы деле белгисиз. Өзбек парламентиндеги 5 партия талапкерлерин көргөзө элек. Президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө ат салышуу пландарын ортого сала элек.

Президент өзүн реформачыл көргөзүп, саясий туткундарды бошоткону, оппозициялык партиялардын болушуна каршы эместигин айтканы менен 1991-жылдан бери чыныгы оппозициялык күч каттала албай келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG