Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

АКШдагы мелдеште кыргызстандык балбан алтын медал алды


АКШда өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү. Самат Надырбек уулу ортодо. 31-март, 2018-жыл. Нью-Йорк. Сүрөт Кылыч Түркбаевге таандык.
АКШда өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү. Самат Надырбек уулу ортодо. 31-март, 2018-жыл. Нью-Йорк. Сүрөт Кылыч Түркбаевге таандык.

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Самат Надырбек уулу АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Бул тууралуу АКШдагы кыргызстандык боксчу Басызбек Баратов билдирди.

Мелдештин flowrestling.com сайтындагы маалыматка караганда, 30-31-марттагы оюндар 1972-жылы спорттук күрөш боюнча АКШнын курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон Билл Фареллдин элесине арналган. Катышуучулар эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашты. Ага АКШнын аймактарындагы клубдардан жана дүйнөнүн бир канча мамлекетинен балбандар катышты.

Самат Надырбек уулу эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта Пенсильвания штатындагы Питтсбург университетинин спорт клубунун атынан килемге чыгып, үч атаандашын утту. Алгач чейрек финалда ал монголиялык Ниямдабаа Сухбаатарды 15:5, жарым финалда АКШдагы "Titan Mercury" күрөш клубунун өкүлү Зейн Ричардсты 5:3 эсебинде жеңди. Финалда АКШнын "Sunkist Kids" клубунун өкүлү Тим Ламберт Линкольнду 11:0 эсебинде жеңип, алтын медал тагынды.

Самат Надырбек уулу учурда 27 жашта. Эки жылдан бери АКШнын Пенсильвания штатындагы Питтсбург университетинин спорт клубунда машыгат.

2017-жылы ноябрь айында ал америкалык эркин күрөш боюнча балбан, Олимпиаданын жана дүйнөнүн чемпиону Дейв Шульцтун элесине арналган эл аралык мелдеште да жеңүүчү болгон.

Надырбек уулу - Кыргызстандын эки жолку чемпиону, Азия чемпиондугунун коло (2014) жана күмүш (2015) байгелеринин ээси. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюму жарыялаган рейтингде ал эки жолу дүйнөдөгү мыкты 20 балбандын катарына кирген.

2013-жылы Татарстандын Казан шаарында болгон Дүйнөлүк универсиада оюндарында күмүш байге алган. Ушу тапта 2020-жылы Жапониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарына катышууга аракеттенүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG