Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Балбан Самат Надырбек уулу АКШдагы мелдеште жеңишке жетти


Самат Надырбек уулу ортодо. АКШ. Колорадо штаты, Спрингс шаары. 4.11.2017-ж.
Самат Надырбек уулу ортодо. АКШ. Колорадо штаты, Спрингс шаары. 4.11.2017-ж.

Кыргызстандык эркин күрөшчү Самат Надырбек уулу АКШлык эркин күрөшчү Дейв Шульцтун элесине арналган эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу АКШда жашаган кыргызстандык боксчу Басызбек Баратов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Олимп оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү, дүйнөлүк кубокту үч жолу уткан Дейв Шульцтун элесине арналган мелдеш 1-4-ноябрь күндөрү АКШнын Колорадо штатындагы Спрингс шаарында өтүп, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 30 топтом медал ойнотулду. Ага 10 мамлекеттен балбандар катышкан.

Надырбек уулу Кыргызстандын жана Pittsburgh wrestling club клубунун атынан 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, үч атаандашын ири айырма менен утуп жеңүүчү болду (1. С. Надырбек уулу - Е. Климара (АКШ) 10:3, 2) С. Надырбек уулу - Д.Чой (Корея) 10:0, 3) С.Надырбек уулу - Т.Лимберт (АКШ) 12:2.).

Самат Надырбек уулу учурда 26 жашта. Бир жарым жылдан бери АКШнын Пенсильвания штатындагы Питтсбург университетинин спорт клубунда машыгат. Дейв Шульцтун элесине арналган мелдеш ал үчүн Америкадагы алгачкы турнир болду. Ал Кыргызстандын эки жолку чемпиону, Азия чемпиондугунун коло (2014-ж.) жана күмүш (2015-ж.) байгесинин ээси болгон. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму жарыялаган рейтингде эки жолу дүйнөдөгү мыкты 20 балбандын катарына кирген (2014-ж. 5-орун, 2015-ж. 9-орун).

2013-жылы Татарстандын Казан шаарында болгон Дүйнөлүк универсиада оюндарында күмүш байге алган. 2020-жылы Жапониянын Токио шаарында боло турган жайкы Олимп оюндарына катышуу башкы максаты экенин "Азаттыктын" кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди. (ECh).

XS
SM
MD
LG