Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

АКШ Иран колдогон кошуундарга абадан сокку урду


Пентагон.
Пентагон.

АКШнын аскердик аба күчтөрү Ирак-Сирия чек арасындагы Иран колдогон кошуундарга сокку урду. Бул Американын Ирактагы базасына учкучсуз учактар менен жасалган чабуулга жооп болуп калды.

Пентагон 27-июнда президент Жо Байден кошуундардын курал-жарак сактаган кампаларына абадан сокку урууга буйрук бергенин билдирди. Ирак менен Сириянын чек арасындагы бул объектилерди Иран колдогон Хезболла менен Саид аль-Шухада топторунун жоочулары пайдаланып келген.

“Иран колдогон топтордун АКШнын Ирактагы базасын бутага алганын, чабуулдарды эске алуу менен президент коргонууну камсыздоо тапшырмасын берди”, – деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө.

Иран колдогон кошуундар аба соккуларынан жоочулар тобунун төрт мүчөсү өлгөнүн ырастап, буга жооп кайтарыла турганы айтылды.

26-июнда ирактык күрд расмилери жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн төрт учкучсуз учак Эрбил аймагын талкалаганын билдирген. Буга жооп иретинде чабуул жасалган жоочулардын аскер объектилерин көздөй АКШнын аскер аба күчтөрү сокку урду.

Аталган аймакка аба соккулары президент Жо Байден кызматка киришкенден бери экинчи ирет жасалды.

Биринчиси ушул тилкедеги Иран колдогон жоочулардын объектилерине быйыл февраль айында урулган. Анда АКШ аскерлери жараат алып, бир адам каза болгон ракеталык чабуулга жооп кайтарганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG