Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Турдубеков ок-дары чыгаруучу заводдун директорлугуна кайрадан дайындалды


Бакыт Турдубеков.
Бакыт Турдубеков.

Бакыт Турдубеков Бишкек штамптоочу заводунун директорлугуна кайрадан дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун ишканадан маалымдашты. 44 жаштагы Турдубеков аталган заводду быйыл май айына чейин жетектеген.

Мурдагы Ленин заводунун базасындагы Бишкек штамптоочу заводу өлкөдөгү стратегиялык ишканалардын бири. Анда ок-дарылар өндүрүлөт. Завод Инвестицияларды илгерилетүү министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлк фондуна карайт.

Март айында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов заводдун иши менен таанышып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG