Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Британия элчиси: Кумтөр боюнча суроолор пайда болду


Британиянын элчиси Чарлз Гаррет Кумтөр кенинде.
Британиянын элчиси Чарлз Гаррет Кумтөр кенинде.

Британиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Чарлз Гаррет Кумтөр кенин жеринен көрүп келгенден кийин "Твиттердеги" баракчасына “көп суроолор пайда болду” деп жазды.

“Мен эколог же тоо-кен өнөр жай тармагы боюнча эксперт эмесмин, ошондуктан бул суроо боюнча баа бере албайм. Андыктан көргөнүмдү айтам. Бирок, кен боюнча менде жоопко караганда көп суроо пайда болду”, - деп жазды.

Кыргыз өкмөтү 25-июнда бир катар чет өлкөлүк элчилерди Кумтөр кенине алып барып келген.

Бийлик “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард доллардык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына тыштан башкаруу киргизген. “Центерра” кыргыз тараптын дооматтарын четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга кайрылган.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG