Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Чек ара жаңжалында жабыркагандарга жөлөк пул берилет


Баткен облусу.
Баткен облусу.

Министрлер кабинети 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга ай сайын жөлөк пул берүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаңжалда курман болгондордун 18 жашка чейинки балдарына жана жалгыз баласы каза болгон ата энелерге ай сайын 3700 сомдон жөлөк пул берилет. Ошондой эле чек арадагы жаңжалдан алган жаракатынан улам майыптуулук берилиши мүмкүн болгон жарандарга да ай сайын жөлөк пул берүү каралган.

Министрлер кабинети даярдаган мыйзам долбоорунда мындай жөлөк пулду 75 киши алары көрсөтүлгөн жана жыл сайын бюджеттен 3 миллион 330 миң сом каралып турары жазылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG