Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Кыргыз-түркмөн президенттери соода байланышты жакшыртууну талкуулады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов.

Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов эки тараптуу кызматташтыктын алкагында соода-экономикалык, отун-энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөр экенин белгиледи.

“Кыргыз-түркмөн кызматташтыгында саясий карама-каршылыктар жок. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү документтерди камтыган эки тараптуу келишимдик-укуктук база ырааттуу өсүүдө", - деди Жапаров.

Ал соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү керек экенин айтты. Эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров Ашхабадга 27-июнда барып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышкан.

Анын Түркмөнстандагы расмий иш сапары бүгүн, 28-июнда аяктайт. Андан ары Жапаров 28-29-июнда Тажикстанга расмий сапар менен барат. Тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG