Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Зулушев: кодекстерди иштеп чыгууга 33 миллион евро кеткен


Кодекстер.
Кодекстер.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 28-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетининин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 2019-жылы ишке кирген кодекстерди иштеп чыгууга жалпы 33 млн. евро кеткенин маалымдады.

“33 миллион евронун тагдырына тапшырма берсеңер, иликтесе болот. Бирок таяктын эки учу бар. Ал биздин эмес, жардам акча экен. Мамлекет тарабынан макулдукка гана кол коюп берген. Эл аралык өкүлчүлүк акчаны өздөрү бөлүштүргөн”.

Зулушев учурда кодекстерди иштеп чыккан прокуратура кызматкерлерине кошумча каражат бөлүнбөгөнүн маалымдады. Депутат Кожобек Рыспаев тарых үчүн 33 млн. еврону кимдер алганын аныктоо керек экенин билдирди.

2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

2019-жылы “Азаттык” радиосу жаңы кабылган кодекстер жөнүндө иликтөө жасаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG