Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Алтай менен Хакасияда милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүлөт


Орусиядагы соода борборлордун бири.
Орусиядагы соода борборлордун бири.

Орусияда Алтай менен Хакасия республикаларынын бийликтери калкты милдеттүү түрдө эмдөө чечимин кабыл алышты.

Бул тууралуу "Роспотребнадзордун" тиешелүү республикалык башкармалыктарынын расмий сайттарына маалымат чыкты.

Анда август айынын аягына чейин калктын 60% кем эмес бөлүгү эмделиши керектиги, милдеттүү түрдө чаралар киргизилип жатканы жазылган.

Хакасияда соода, тейлөө, транспорт тармагынын, көңүл ачуучу жайлардын, кино театрлар менен китепканалардын кызматкерлерин сөзсүз түрдө эмдөө милдеттендирилет. Буга жеке ишкерлер, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер дагы кирет.

Алтай республикасында болсо жогорудагы тармактын өкүлдөрүнөн сырткары укук коргоо органдарынын кызматкерлерин дагы эмдөөнү милдеттендирген чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG