Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Садыр Жапаров расмий сапар менен Тажикстанга барды


Садыр Жапаров Тажикстанда.
Садыр Жапаров Тажикстанда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-июнда расмий иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды. Мамлекет башчысын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.

28-29-июнга белгиленген расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин да талкуулашат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев баштаган аткаминерлер бар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкө президенттери биринчи жолу жолугушканы жатат.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кырдаал курчуп турган учурда кыргыз президенти Садыр Жапаров менен тажик президенти Эмомали Рахмон эки ирет телефондон сүйлөшкөн. Андан бери тышкы иштер министрлери регионалдык уюмдардын алкагындагы жыйындарда гана жолугушууда.

Чек ара жаңжалынан көп өтпөй президент Жапаров Тажикстанга май айынын экинчи жарымында бара турганы кабарланган. Бирок 6-майда мамлекет башчысы Баткендин тургундары менен жолугушканда чек ара маселелери чечилмейинче коңшу өлкөгө барбай турганын айткан.

Ушул тапта эки өлкөнүн чек аралары жабык. Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий иш сапары кыргыз коомчулугунда ар кандай талкууну жаратты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG