Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Москвада нөшөрлөгөн жаандан улам метролорду суу каптады


Орусия. Москва. Нөшөрлөп жааган жамгыр.
Орусия. Москва. Нөшөрлөп жааган жамгыр.

Жамгырдын кесепетинен Москвадагы метронун кыймылы үзгүлтүккө учурады. Айрым станцияларды суу каптап, андагы авариялык кырдаалдан улам электр энергиясы өчүрүлдү.

Дүйшөмбүгө караган түнү башталган жаан-чачын нөшөргө айланып, шаар чарбасына күч келтирди.

Анын кесепетинен көптөгөн көчөлөрдү суу каптап, метродогу кыймыл үзгүлтүккө учурады. Кээ бир райондордо автобус менен трамвайлардын каттамдары токтоп калды.

Москва метрополитенинин айрым линиясында поезддердин кыймылы дагы токтотулду. Бул тууралуу Борбордук транспорт департаменти кабарлады. Бир катар станциялардын кире беришин суу каптап, өтмөктөргө суу толуп, кээ бир платформаларга чейин суу кирип кеткени белгилүү болду.

Москва облусунун Щелково шаарчасы жана анын айланасындагы калктуу конуштар электр жарыгысыз калды. Анын жыйынтыгында ичүүчү суу менен камсыздаган суу кампасы дагы иштебей калды. Электр тармагындагы аварияга борбордук көмөк чордонго чагылган түшкөнү себеп болду. Бул тууралуу Щелкованын жергиликтүү акимчилиги кабар таратты.

Ыраакы чыгыштагы Владивосток шаарын дагы суу каптаганы айтылууда. Буга чейин Орусия аннексиялаган Крым жарым аралында дагы суу ташкындары катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG