Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

АКШ бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга камтамачылык билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттары Кыргызстанда мамлекеттик эмес уюмдарды отчёт берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынганына камтамачылык билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Нед Прайс буга байланыштуу билдирүү таратты. Анда “жаңы талап мамлекеттик эмес уюмдардын жарандарын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч жаратат жана өкмөткө COVID-19га каршы чараларына көмөктөшүү аракетине тоскоолдук кылат”, деп айтылат.

“Мындай мыйзамдар башка мамлекеттерде өкмөттү, саясий ишмерлерди сындаган уюмдарга каршы колдонулган жана аны менен алардын пикирин эркин билдирүү укугу бузулган. Биз өлкө жетекчилерин мыйзамды кайра карап чыгууга чакырабыз. Кыргызстандын 30 жылдык эгемен тарыхында калыптанган плюрализм жана биригүү эркиндиги коргоп-колдоого муктаж”,-деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна кол койгон. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Документ жарандык коомдун сынына кабылган.

Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алган. Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам кабыл алынган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG