Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президентке кайрылышты


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын бир катар өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар өлкө башчысынан коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбооруна кол койбоону суранышууда.

Алар аталган мыйзамды кабыл алуу - бейөкмөт уюмдарды басмырлоо болорун жүйө келтирип, демократияга сокку урарын айтып, тынчсыздануу билдиришти. Кайрылуу бейөкмөт уюмдардын "Фейсбуктагы" баракчаларында жарыяланды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 17-июнда үчүнчү окууда кабыл алынган. Авторлору – Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу.

Документке ылайык, коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү. Бул талапты аткарбаса, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Бейөкмөт уюмдар бул мыйзам алардын эркин ишмердик жүргүзүшүнө каршы багытталганын белгилешүүдө.

Учурда бейөкмөт уюмдар мамлекетке үч отчет тапшырышат - Салык кызматына, Социалдык фондго жана Улуттук статистика комитетине.

Өлкөдө социалдык-экономикалык багыттагы бир катар көйгөйлөрдү чечүүдө бейөкмөт уюмдардын ролу чоң экенин парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү да айтып келишет.

2014-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда да Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети болуп, ишке ашкан эмес.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда да мыйзам долбоору иштелип чыгып, бирок кабыл алынбай калган. Анда да бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийликке кайрылуу жолдогон эле.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролун белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG