Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

ӨЭУ боюнча мыйзамга каршы 70 уюм кайрылуу таратты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Өлкөдөгү бардык тармакта иш жүргүзгөн 70 өкмөттүк эмес уюм кол койгон кайрылуу парламенттин төрагасына жана депутаттарга жиберилген. Анда уюмдун өкүлдөрү жана жарандык активисттер өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режиминде өткөрүлгөнүнө тынчсыздануусун билдиришет. Алар өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча талкуулар жарандык коомдун өкүлдөрү катышпастан өтүп жатканы мыйзам чыгаруу ченемдерин бузушу мүмкүн экенин эскертишкен.

Коомдук уюмдардын өкүлдөрү өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдөн улам мыйзам долбоорун талкуулоого катыша албай калышы мүмкүн экенин, аймактардагы эксперттердин сын-пикирлери менен сунуштары эске алынбай каларын белгилешкен. Уюмдардын өкүлдөрү бул мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкууну өзгөчө кырдаал режиминен кийин өткөрүүнү суранат.

Кайрылууга «Интербилим», «Youth of Osh» «Биздин добуш», Балдардын укугун коргоо лигасы сыяктуу аялдардын, балдардын, майыптардын, жаштардын укуктарын коргогон уюмдар жана өлкөдөгү бардык кризис борборлору, бирикмелер кол койгон.

Парламенттин сайтында 22-майда саат 10:00дө Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрөрү жазылган. Анда иш-чара парламентте өтөрү кабарланган.

Учурда Бишкекте өзгөчө кырдаал режими уланууда. Бийлик жарандарды топтошпоого чакырып жатат. Ал эми мыйзам долбоору боюнча коомдук талкууга депутаттардан сырткары бардык кызыкчылыгы бар тараптар катышууга укуктуу.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Март айынын башында Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. «Макул» деп 100 депутат добуш берди. Тогуз депутат каршы болгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, анда бул аракет ишке ашкан эмес. Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG