Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Ташиев: Ооганстандагы кырдаал Кыргызстандын коопсуздугуна таасир этет


Ооганстандагы "Талибанга" каршы чыккан жергиликтүү аялдар. Июль, 2021-жыл.
Ооганстандагы "Талибанга" каршы чыккан жергиликтүү аялдар. Июль, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ооганстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арасында түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстандын коопсуздугуна да коркунуч туулушу ыктымалдыгын билдирди. Ташиев бул тууралуу бүгүн, 8-июлда маалымат жыйынында айтты.

"Биздин өлкө үчүн да чоң коркунуч бар. Тажикстанга жана Өзбекстанга качып өткөндөр биздин өлкөгө да келиши мүмкүн. Биз мындай коркунучтарга даярданып жатабыз. Бул багытта азыр иш жандуу жүрүп жатат. АКШнын аскерлери Ооганстандан чыга баштагандан тартып Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы террордук уюмдар жандана баштады. Биздин байкообуз боюнча Сирияга кеткендер да кайтып жатышат".

Ташиев алар Ооганстан аркылуу кайтып жатышканын, өлкөнүн коопсуздугуна Сирияга кеткен кыргызстандыктардан да коркунуч бар экенин кошумчалады.

АКШ баш болгон НАТО быйыл мартта аскерлерин 11-сентябрга чейин Ооганстандан толук чыгарарын жарыялагандан бери "Талибандын" өкмөттүк күчтөргө кол салуусу күчөй баштаган.

“Талибан” бир эле учурда Ооганстандын бир нече провинциясына кол салып, өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганы буга чейин кабарланган.

Ооганстандын түндүгүндө өкмөттүк күчтөр менен бирге бир топ жергиликтүү тургундар, арасында аялдар дагы колго курал алып, талибдерге каршы согушка аттанды. Алардын катарында мурдагы можахеддер да бар.

40 жылдан бери согуш абалында жашап келе жаткан Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттери натыйжа бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG