Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Өкмөт АКСтин жоюлушунан улам УКМК тууралуу чечим даярдайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Антикоррупциялык кызматтын (АКС) жоюлганына байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин маалымат менен камсыздоо бөлүмүн башчысы Эркин Сазыков билдирди.

“Тактап айтканда, жоюлган Антикоррупциялык кызмат караган маселелерге байланыштуу УКМКнын мындан аркы ишмердиги тууралуу Министрлер кабинетинин чечиминин долбоору даярдалып жатат”.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык кызматты жойгон жана бул паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам, бизнести колдоо аракети катары сыпаттаган.

Жапаров өзүнө караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөрүн билдирген жана ага кайрылган ишкерлердин арыз-муңун өзү көзөмөлгө аларын айткан.

Кыргызстанда коррупцияга каршы эми кайсы орган, кантип күрөшөрү расмий маалымдала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG