Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

Анкарадан аскердик колдоо күткөн Бишкек


"Коопсуздук" аскердик машыгуусу. Кыргыз армиясы.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстанга, анан Тажикстанга барып, аскердик кызматташууну талкуулады.

Кыргызстан аскер доктринасын кайра карап, коргоо жөндөмдүүлүгүн күчөтүү үчүн жалгыз эле Орусия эмес, Түркия менен да аскерий кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин ишарат кылды.

Унутулган убада. АКШ базасы.

Мындай кадам Орусияга жакпасын айткан аскерий аналитиктер Москва 2014-жылы АКШ базасын чыгаруунун алдында Кыргызстандын коргонуу тармагына жардам берүү боюнча убадаларын аткарбай койгонун белгилешти.

Талдоочулар соңку жылдары Кыргызстан менен Түркиянын аскердик кызматташтыгы дээрлик токтоп калганын айтышууда.

Буга 2014-жылы "Манас" аба майданындагы АКШнын базасын чыгаруу алдында Орусия Кыргызстанга аскердик жардам берүүгө убада кылганы негиз болгон. Америкалык транзиттик борбор чыкканга чейин 2011-2012-жылы Бишкекке байма-бай каттап калган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстанды наркы 1 млрд. доллардан ашуун курал-жарак жана аскер техникасы менен камсыздоону убада кылган.

Буга байланыштуу 2012-жылы аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюлган. Кыргызстандын коргоо жөндөмүн арттыруу үчүн БТР, БМП сыяктуу чопкутталган аскер техникасынын жаңы үлгүлөрү, аскердик учактар, тик учактар жана заманбап курал-жарактар берилери жарыяланган.

Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, полковник, аскердик эксперт Мурат Бейшенов Орусия мына ошол убадаларын аткарбаганын айтты:

"Мен конференцияда сүйлөгөндө алар тажиктерге бизге караганда аябай көп аскердик жардам берип жатканын айттым. Ошол эле кезде Оруиянын бизде дагы бирдиктүү аскер базасы бар. Ага Канттагы аскер-аба базасынан башка Ысык-Көлдөгү, Майлы-Суудагы аскердик түзүмдөр кирет. Ошондой болгон соң, бизге дагы караш керек эле да. Путин беш жыл мурун Кыргызстанды 1 млрд. доллар курал-жарак менен куралдандырабыз деген. Бирок ал убадасынын эч нерсесин аткарган жок. Майда-барат жардамдар менен гана чектелди. Орусия бизге жакшы жардам берген жок. Алар бизди каякка бармак эле дегендей мамиле жасап, карабай эле таштап коюшту. Мындай учурда биз Түркия менен сүйлөшө беришибиз керек. Азыр эми ойлонуп туруп, саясат жүргүзгөн оң.

Анткени кезинде "Ганси" америкалык базасы турганда ижара акысынан башка төлөмдөрүн кошкондо жыл сайын 180 млн. доллардан ашуун каражат алып турганбыз. Анан Орусиянын кызыкчылыгы үчүн деп биз андан баш тарттык. Ал транзиттик борборду калтырып, ижара акысын алып, ал акчанын жарымын эле биздин куралдуу күчтөргө бөлүп турганда азыр бизде мындай абал болбойт эле. Биздин мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбай калды. Ошондо биз ал базаны чыгарууга шашпоо тууралуу сунуш бергенбиз. Бирок Орусия бизге басым жасап, АКШнын транзиттик борборун чыгарып, колубуздагы рычагды берип койдук. Орусия болсо бизге жеткиликтүү жардам берген жок. Анан эле "биз силердин аскер кызматчыларын окутуп берип жатабыз" деп көтөрүп чыгышат. Окутса, алар биздеги орусиялык базанын эсебинен окутуп жатышат. Андан тышкары бизге конкреттүү курал-жарак, аскер техникасынан жардам берген деле жери жок", - деген оюн билдирди Мурат Бейшенов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө Орусиянын Канттагы аба базасы менен бирдей эле АКШнын "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордун турушун "туура эмес" деп таап, келишимди узартууга каршы болгон.

Ошентип, бюджетке жылына 150 млн. доллар төлөп турган АКШнын базасы 2014-жылы Кыргызстандан чыгарылган. Орусия ошол кезде Кыргызстандын бюджетине түшпөй кала турган каржылык кенемтенин ордун толуктоого убада берип, бирок бул маселе кийин чечилбей кала берген.

Кыргызстан ошондон бери натыйжалуу болбосо да, аскердик багытта Орусия менен гана кызматташууга артыкчылык берип келди.

Бирок жергиликтүү аскерий аналитиктер талдагандай, соңку кыргыз-тажик чек ара чатагында өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү чабал бойдон калганы көрүндү.

Ошондуктан президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп жатып, аскер доктринасын кайра кароо жана армияны реформалоо демилгесин көтөргөн. Ал кийин Анкарага барганда аскердик кызматташтыкты жандантуу маселеси козголгон.

Президенттер Жапаров менен Эрдогандын ортосунда жетишилген макулдашууну аткаруу үчүн Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар баштаган аскер делегациясы 28-июнда Бишкекке учуп келди. Ал Кыргызстандын коргоо министри менен жолугуп, андан кийин президенттин кабыл алуусунда болду. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул жолугушуу тууралуу мындай дейт:

Кыргызстан. Эрбол Султанбаев. Президенттин басма сөз катчысы.
Кыргызстан. Эрбол Султанбаев. Президенттин басма сөз катчысы.

"Аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук маселелериндеги эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров баса белгилегендей, кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу өзгөчө орунду ээлейт. Анын мындан аркы кеңейишине жана бекемделишине мүмкүнчүлүктөр кенен. Анын айтымында, региондогу туруксуз абалды жана коркунучтардын өсүп жатканын эске алганда, өзгөчө Ооганстандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу аскердик-техникалык кызматташуу актуалдуу", – деди Эрбол Султанбаев.

Буга чейин Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы кабарланган. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун 9-июндагы Анкара сапарынын алкагында макулдашылганын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да ырастаган. Бирок анда Анкара аскердик тармакта кандай жардам көрсөтө турганы так айтылган эмес. Соңку кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин коомчулук кыргыз бийлигин Түркиядан аскердик жардам алууга үндөп келген.

Аскер өнөр-жайынын зарылдыгы

Түркиялык аналитик Сердар Йылмаз Анкара аскердик жактан Бишкекке колдоо көрсөтө аларын айткан:

Сердар Йылмаз. Түркиялык аскер аналитиги.
Сердар Йылмаз. Түркиялык аскер аналитиги.

"Эки өлкө аскердик жактан кызматташа алары анык. ЖККУ уюмунун жобосунда ага мүчө мамлекеттер башка мамлекеттер менен аскердик алака түзө албайт деген жери жок. Андыктан биз майнаптуу кызматташа алабыз. Мындай кызматташтыктын мыкты үлгүсүн Казакстандан көрүп жатабыз. Түркия 2013-жылы Казакстанда "Аселсан инжиниринг" аскердик фабрикасын ачты. "Аселсан инжиниринг" деген Түркиянын курал-жарак, аскердик жабдык жана ок-дары чыгарган улуттук ишканасы. Ушундай эле аскердик заводду биз президент Садыр Жапаров көрсөткөн жакка ача алабыз. Биз ансыз деле буга чейин эле Кыргызстанга аскердик жардам көргөзүп келгенбиз. Кыргызстандын ЖККУга мүчөлүгү анын Түркия менен аскердик алака түзө албайт дегенди билдирбейт. Керек болсо эки мамлекеттин жетекчилери Кыргызстанда "Аселсан инжиниринг" сыяктуу аскердик завод ачуу боюнча келишим түзүшү зарыл. Натыйжада курал-жарак, ок-дарыны Бишкектен чыгарса болот. Бул кыргыз армиясы үчүн дагы пайдалуу болмок. Түркия азыр Казакстан менен Өзбекстанга абдан чоң аскердик жардам берип келе жатат. Эмне үчүн биз Кыргызстанга андай кыла албайбыз?" - дейт Сердар Йылмаз.

Анкара менен Москванын аралыгы

Анткен менен кыргызстандык аналитиктер аскердик кызматташуу жана коопсуздукту камсыздоо багытында Бишкектин Орусиядан башка ишенимдүү өнөктөш издөө аракети Москвага жакпай турганын айтышат.

Аскердик эксперт Мурат Бейшенов бул маселеде Москва менен Анкаранын геосаясий кызыкчылыгын эсепке алуу менен кадам таштоого туура келерин белгиледи:

"Биздин абалыбыз азыр ушундай. Ким жардам берсе, анын бардыгын карай беришибиз керек. Бирок Түркия бизге жардам бере баштаса, аны албетте, Орусия жактырбайт. Ал Азербайжан варианты болушун каалабайт. Түркиядан жардам алсак, анда Москва буга чейин убада кылган С-300 зениттик-ракеталык комплексин бербей коёт. Саясат ошондой да. Биз Түркиядан жардам ала баштасак, анан Орусия Тажикстанга жардам берүүнү күчөтүшү мүмкүн. Ушул сыяктуу тобокелдиктер бар. Ошол эле тынчсыздандырат. Бирок түрктөрдүн курал-жарагы заманбап жана аябай мыкты. Алардын автоматтарынын октору дагы башкача. Бул үчүн биз толугу менен курал-жаракты жаңылап, аскер адамдарын Түркиядан окутууга туура келет. Себеби биздин курал-жарак ЖККУ, ал эми түрктөрдүкү НАТО форматында. Бирок эми курал-жарак боюнча өтпөсөк дагы, оор жүк ташуучу автоунааларды, БМП, БТР сыяктуу бронотранспортерлорду Түркиядан алсак болот", - деди Мурат Бейшенов.

Ошол эле кезде Москвадагы Саясий жана аскерий анализ институтунун жетекчисинин орун басары, аналитик Александр Храмчихин Түркия менен жаңы аскердик кызматташтыкка карата Орусиянын мамилесине токтолду:

"Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү буга чейин аскердик тармакта Орусияга гана карап келген. Азыр эми бул тутумга Түркияны кошуу канчалык өзүн актарын жана анын жыйынтыгы кандай болорун айтуу кыйын. Эмне үчүн дегенде бул саясий-аскердик жактан жөнөкөй эмес. Албетте, кызыкчылыкты чектейт. Мында кызматташтык болушу мүмкүн эмес. Мында аскердик-техникалык жана саясий жактан же Орусияны же болбосо Түркияны тандоо керек. Анткени андагы аскер түзүмү мурдагы советтик армиянын бир бөлүгү катары калыптанган. Жумшак айтканда, Түркия каалаган күндө дагы, анын Кыргызстандын коопсуздугун камсыздашын элестетүү кыйын. Бул жөнөкөй эле алганда деле, бир топ кыйын".

Жарыш куралданууга умтулуу

Ошол эле кезде быйыл апрель айынын соңундагы куралдуу чек ара жаңжалынан кийин Тажикстан Пакистан менен Ирандан саясий жана аскердик колдоо издесе, Кыргызстан Түркияга таянып, андан заманбап курал-жарак жана аскердик техника жагынан колдоо күтөрү саясий чөйрөдө гана эмес, коомчулукта да талкууланды.

Тажикстандын коргоо министри Иранга барып, аскердик кызматташтык боюнча макулдашууга жетишкен. Андан соң тажик президенти Пакистанга расмий сапар менен барып, Исламабад менен аскердик-техникалык кызматташтык маселесин козгогон. Орусия болсо Тажикстанга абадан коргонуу тутумун орнотуу боюнча макулдашууга жеткени белгилүү. Мындай шартта Бишкек коопсуздугун чыңдоо үчүн ишенимдүү өнөктөш издегени табийгый көрүнүш дешет талдоочулар.

Москвалык аскерий аналитик Александр Храмчихин Борбор Азияда коңшулардын улам ар кайсы тарапка кайрылып, жарыша куралданууга умтулуусу жакшы эмес көрүнүш экенин белгиледи:

"Биринчи кезекте алар азыр Ооганстан жактан чыгып жаткан коркунучка каршы эмес, бири-бирине каршы куралданышууда. Мындай абалда чын эле Орусиянын Тажикстанга же Кыргызстанга жардам бериши кыйын. Анда Орусияга таянуунун мааниси жок. Ал эми башка оюнчулар Борбор Азия чөлкөмүндө өзүнүн таасирин арттырууга кызыкдар. Бирок алар андагы коопсуздукту чын эле камсыздайт дегенге ишенбейм. Алардын таасирин кеңейтүү аракети табийгый көрүнүш. Буга албетте, Орусия кубанбай турганы баарына эле түшүнүктүү. Бирок мен анын ага карата кандай аракет кыларын айта албайм", -деди Храмчихин.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстандагы сапарынан соң Тажикстанга барды. Анда Акар Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын талкуулаган. Түрк министри Тажикстанды Түркиянын Орто Азиядагы маанилүү өнөктөшү деп атаган. Коопсуздук, коргонуу жана коргоо өнөр-жайы боюнча кызматташуу тууралуу сөз болгону кабарланды.

Кубаттуулуктун рейтинги

Эл аралык Global Firepower басылмасынын 2021-жылдын 3-мартында чыгарган жыйынтыгына ылайык, аскер кубаттуулугунун рейтинги боюнча 140 өлкөнүн арасында Тажикстан дүйнөдө 99-катарда болсо, Кыргызстан 93-орунду ээлейт.

Тажикстандын армиясында 9 миң адам кызмат өтөп, 2020-жылы алгачкы жолу коргоо тармагына 79 млн. доллар бөлгөнү көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын армиясынын саны 11 миңди түзүп, анын аскердик бюджети жыл сайын 20 млн доллардын айланасында экени белгиленген.

Түркия бул рейтингде 11-орунду камсыздап, НАТО аскердик блогунда АКШ, Франция, Улуу Британиядан кийинки төртүнчү орунда турат.

Ал эми Өзбекстандын армиясы дүйнөдө 51-орунда туруп, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң кубаттуу армия деп табылган. Анын жылдык аскердик бюджети 15 млрд долларга барабар. 62-орундагы Казакстандын аскердик чыгымы 4 млрд. долларды түзөт.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев жакындан бери аскердик бюджетти көбөйтүү сунушталып жатканын билдирди:

Эмил Токтошев. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы.
Эмил Токтошев. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы.

"Коргоо министрлигинен жакында бюджетин көбөйтүүгө кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча сунуш түштү. Ал каражат курал-жарак, тамак-аш, кийим-кече жана курулушка багытталган. Биз кошумча каражат бөлүп бердик. Бирок анын суммасын айта албайм. Биз министрилкке "жаңыдан курал-жарак жана аскер техникасын алганга канча акча керек экенин талдап, мүмкүнчүлүккө жараша бюджетиңерди түзүп келгиле" дегенбиз. Себеби ушуга чейин жаңыдан күжүрмөн аскер техникасын сатып алып, курал-жаракты жаңылаганга бюджетте каражат каралбай келген. Өкмөт дагы буга көңүл бурбай келген. Коргонууну күчөтүүгө бөлүнгөн чыгымдар аябай эле аз болуп келген. Ал акча армияны күнүмдүк кармаганга эле жетиши мүмкүн", - деди Токтошев.

Буга чейин ЖККУга мүчө Кыргызстан өзүнүн коопсуздугун аталган саясий-аскердик уюм менен байланыштырып келген. Бирок быйыл жазда бул уюмдун башка бир мүчөсү Тажикстан менен куралдуу чек ара жаңжалы чыкканда ЖККУ чырды токтотууга жарамсыз уюм болгону сынга алынганы белгилүү.

Мына ушундай жагдайда Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы коопсуздугун чыңдоо үчүн башка өнөктөштөрдү издеп, жакын санаган өлкөлөрдөн саясий-аскердик жактан колдоо күткөнү белгиленип келген. Бул арада Ооганстандагы кырдаалдын курчушу дагы коопсуздукту чыңдоо маселесин күн тартибине чыгарды.

"Талибан" Кыргызстанга коркунуч жаратабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:08 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG