Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Аткаминерлер төлөгөн миллиарддар


Акча төккөндөр. Сергей Ибрагимов, Жалил Атамбаев, Камчы Көлбаев, Марат Аманкулов, Камил Осмоналиев, Алиярбек Абжалиев, Бакир Таиров, Райымбек Матраимов, Өмүрбек Бабанов, Азиз Суракматов, Кубанычбек Жумалиев, Эмил Жамгырчиев, Кылыч Саркарбаев, Нурбек Айтмаматов, Генрих Балян.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жыл башынан бери коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 6 миллиард сомдой каражат өндүрдү. Муну мыйзамсыз баюуга жана жемкорлукка айыпталган ондогон аткаминерлер төлөп берди.

Ошол эле мезгилде кармалгандар айыппул менен бошоп кетип жатканын сындагандар да арбын. Кантсе да атайын кызмат тапкан береги сумма бюджеттин дефицитин жапканга жардам берди.

Кылмыш иш менен каражаттын санагы

УКМК башчылыгына бекигенден бери Камчыбек Ташиев мекеменин чек ара, коопсуздук жаатындагы аткарып жаткан иштерин, коррупция менен күрөш боюнча отчётторун салттуу басма сөз жыйындарында жарыялап жатат.

Алгачкысын 2020-жылдын 16-октябрында берсе, экинчисин 2020-жылдын 24-декабрында жасаган. 2021-жылдын эсебинен ири маалыматтык билдирмесин 26-мартта кылса, алты айдын жыйынтыгын 8-июлдагы брифингинде чыгарды.

Ташиев соңку билдирүүсүндө башка иштер менен чогуу коррупцияга каршы күрөштү мындайча корутундулады:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында “коррупция”, “мыйзамсыз баюу”, “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара алуу талап кылуу” беренелери боюнча 304 сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Мамлекеттик органдардын 302 жооптуу кызматкери кармалып, жоопкерчиликке тартылды. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыш фактылары боюнча бюджетке 26 млрд. сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Мунун 6 млрд. сомдой каражатынын орду толтурулду. Биздин укук коргоо органдарынын тарыхында мындай тажрыйба болгон эмес. УКМКнын эле мисалын айтсам, былтыр 10 айда болгону 100 млн. сом өндүрүлгөн, а биз алты айда 6 млрд. сом өндүрүп жатабыз. Бул жүздөгөн пайызга көптүк кылат десем болот".

Ташиев кармалгандардын ичинде дээрлик бардык катмардагы аткаминерлер бар экенин белгилеп, бул күрөштүн жыйынтыгында коррупциялык көрүнүштөр кескин буулганына токтолду.

Ал “соттук түзүмдө бир да судья пара албай иштеп жатканын ишенимдүү айта аларын” кошумчалады. Ошондой эле “Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиевадан баштап ондогон судьялардын кармалып, жоопкерчиликке тартылышы ушуга алып келди” деп эсептейт.

"Коррупция" жана "мыйзамсыз баюу" беренесине айыпталып кармалып, акча төлөгөндөн кийин бошотулгандардын сап башында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов турат. Ал былтыр күздөн бери эки жолу кармалып, эки жолу тең кайра бошоп чыккан.

Башка бажычылар Нурбек Айтмаматов “мыйзамсыз баюуга”, Нурлан Ражабалиев менен Абдыбахаб Боронбаев “коррупцияга” айыпталган. Финансы полициясынын мурдагы башчысы Бакир Таировго да коррупция боюнча, анын орун басары Эмил Жамгырчиевге ири өлчөмдө пара алуу боюнча кине коюлган. Булардын баары кармалып, акча төлөгөндөн кийин эркиндикке чыгышты.

Акча төгүп, абактан бошогондордун бир бөлүгү. Кубанычбек Жумалиев, Райымбек Матраимов жана Марат Аманкулов.
Акча төгүп, абактан бошогондордун бир бөлүгү. Кубанычбек Жумалиев, Райымбек Матраимов жана Марат Аманкулов.

Экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алуу, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып, эч кайда кетпөө тил каты менен бошогон.

Жогорку соттун судьялары Камил Осмоналиев менен Дилфуза Боронбаевага "мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеп, кирешесин мыйзамсыз көбөйткөн" деп иш козголгон. Алардын мыйзамсыз алынган ондогон батирлери жана башка үй-мүлктөрү аныкталганы айтылган.

Экс-депутат, ишкер Сергей Ибрагимов менен Өмүрбек Бабанов иши териштирилгенден кийин, каражатты өз эрки менен төккөнү да жарыяланды.

Мыйзамсыз баюу боюнча айыптоого Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов жана экс-вице-мэр Уланбек Азыгалиев да кабылса, дагы бир экс-вице-мэр Нурлан Амантуров коррупцияга шектелди. Мурдагы мэрден башкасы абактан чыкты.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, депутат Алиярбек Абжалиев жана экс-депутат Марат Аманкулов да мыйзамсыз баюуга айыпталды. Экс-депутат Жаныш Кудайбергеновго коррупция боюнча кине коюлган. Абжалиев парламентке кайтса, Аманкулов мандатын тапшырып берди. Кудайбергеновдун бөгөт чарасы кандай болгону белгисиз.

Милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев “мыйзамсыз баюуга”, “Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси, бизнесмен Генрих Балян “алдамчылыкка” айыпталып, келтирилди деген чыгымдын ордуларын толтуруп беришти. Атамбаев биротоло бошосо, Балян үй камагына алынды.

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча тергөөнүн бутасына алынган кримтөбөл Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) да акчасын төлөп эч жакка чыкпоо тил каты менен үйүнө чыкканы расмий кабарланды.

Камчы Көлбаевдин кармалган учуру. 22-октябрь, 2020-жыл.
Камчы Көлбаевдин кармалган учуру. 22-октябрь, 2020-жыл.

Ош облусунун прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков кендеги рейдерликке байланыштуу кармалган. Ал мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп бергени үчүн камактан чыккан, кийин иштен кеткен. Бишкек-Ош жолундагы коррупциялык схемага байланыштуу шектүү катары кармалган Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев чыгымдын ордун толтуруп берген. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бахтияр Юнусов да чыгымды төлөп берген. Бул үчөө тең үй камагында.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев аталган мекемедеги коррупциялык схема үчүн кармалган. Башында камакка алынганы айтылган, азыркы жагдайы белгсиз. Бирок ал дагы атайын кызматка акча төлөп берген.

“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен айыпталган Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев менен Оштун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн экс-башчысы Мунарбек Сайпидинов да кылган кылмыштары үчүн аз-аздан акча төккөн. Булар да үй камагына алынган.

“Азаттык” ачыкка чыккан маалыматтарга таянуу менен кармалгандардын жана айыпталгандардын төккөн каражаттарын тизмектеп чыкты. Алардын аты-жөнүн хронологиялык тартипте эмес, сумманын көптүгүнөн аздыгына карай жайгаштырдык.

Инфографика УКМК тараткан маалыматтардын негизинде жасалды.
Инфографика УКМК тараткан маалыматтардын негизинде жасалды.

Албетте, азырынча чыгымды төлөгөндөрдүн бардыгынын ысымдары белгилүү боло элек жана айрымдардын суммалары дагы өсүшү мүмкүн. Маселен, Кудайбергенов, Суракматов, Осмоналиев, Айтмаматов жана башкалар дагы кошумча акча төлөшөт.

Мындан сырткары мамлекетке келтирилген 1,5 млрд. сомдун тагдыры боюнча “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков жана анан уулу боюнча иши иликтенүүдө.

Кармалгандар, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин, судья Дилфуза Боронбаеванын, Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Айбек Токоевдин иштеринин жыйынтыктары белгисиз. Алар канча төгөрү жана анын канчасын бергени да маалым эмес.

Василий Дашков
Василий Дашков

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ушул иштерден жана башка иштерден дагы акча өндүрүлөрүн өз билдирүүсүндө белгиледи:

"1 млрд. сомдон ашык каражатты иштетип жиберген “Кыргыз темир жолу” ишканасынын экс-жетекчиси Василий Дашковдун жана анын уулунун иши иликтенүүдө. Мындан сырткары Экотехинспекциянын кызмат адамдарынын “Кыргызкөмүр” ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүүдө 1,5 млрд. сом зыян келтиришкени аныкталган, ал боюнча да тергөө жүрүп жатат. Коронавирус күчөп турган маалда медициналык аппараттарды кымбат баада сатып алганы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин жооптуу кызматкерлерине карата, тендерде жеңүүнү убада кылып, 8 миллион сом алганы боюнча Турак жай, жарандык курулуш департаментинин жетекчиси Адилет Абдыкадыровго иш козголгон. Бишкек шаарынын прокуратурасынын прокурору Калыковдун коррупциялык иши боюнча да сотко чейинки өндүрүш бар. Фактыларды эсептесек, өтө көп. Ушулардын баары боюнча чыгымдардын орду толтурулат",-дейт ал.

Баса, ушул эле коррупцияга каршы күрөштүн алкагында ондогон аткаминерлер кармалып, айрымдарына издөө жарыяланды. Теманын Кумтөр өңүтү узун сөз жана аны “Азаттык” өзүнчө талдаган.

Ошентсе да, кармалгандардын айрымдарын эсептеп коёлу. Бул боюнча экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талант Узакбаевге, Алмаз Батырбековго, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаевге, өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага айып тагылды. Булардын ичинен Узакбаев жана Батырбеков тергөө менен кызматташуу келишимине ылайык үй камагына чыкты, Молдошева тил кат менен бошотулган. Калгандарынын баары камакта.

Камоо жана бошотууга пикирлер

Арийне, атайын кызматтын коррупцияга каршы күрөшүү саясатын колдогондор коомчулукта арбын. Алардын көбү келтирилген зыяндын орду ири суммада кайтарылып жатканын кубатташат. Бирок ошол эле мезгилде оор кылмыш жасаган адамдардын үй камагына чыгарылып, же такыр эле жоопкерчиликтен бошотулуп кетип жатканын сынга алгандар да бар.

Мындай пикирдегилердин катарында парламенттин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков да турат. Ал коррупцияга баргандарга оор жаза берүү керек деп эсептейт.

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

“Чоң коррупцияга малынып, мамлекеттин казынасына жана элдин ырыскысына олуттуу зыян келтиргендерди кайсы бир өлкөлөрдө өлүм жазасына эле тартат. Бизде ага барбасак да, ошого тете жазага тартсак болмок. Негизи, бул жерде биринчиден соттун чечими чыгыш керек болчу, зыяндын баары аныкталып, ачык жарыяланышы шарт эле. А мында тергөөчү өзү чечти болуп эле, ошонун негизинде берилип калып жатат. Ошону үчүн эл арасында ар кандай күбүр-шыбыр, күмөн саноолор чыгып калып жатат. Булар 100 нанды жеп туруп, бир нанды берип коюп кетип калгандай болуп жатышпайбы. Муну мен туура эмес деп эсептейм”.

Коомчулуктагы дагы башка топ коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатканын сынга алышат. Алардын айрымдары азыркы кармалгандарга тең келген кылмышка шектүүлөр жоопко тартылбай калып жатканын белгилешсе, кээлери кармалгандарга ар кандай суммада айыппул салынып, ар кандай жаза колдонулуп жатканын айыпташууда.

Маселен, кылмыш иши козголгон депутат Алиярбек Абжалиев парламентке келгенден кийин башка бир эл өкүлү Ирина Карамушкина бул жагдайларды козгоду:

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

“Бул азыркы бийликтин кош стандарт мамилесин дагы бир жолу далилдеп турат. Алиярбек Абжалиев күнөөсүн мойнуна алып, акча төктү. Мисалы, депутат Марат Аманкулов акча төлөп бергенден тышкары депутаттык мандатын тапшырган. Эмнеге Жээнбековдун кудасы эч нерсе болбогондой парламентке келет, башкалар мандатын тапшырып берет? Башка президент болгондо кылмыш ишин козгоп, акча төктүрүп аткандан кийин мандатын тапшыртмак. Мындай иштер элдин бийликке ишенимин кетирип жатпайбы”.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова болсо мурдараак атайын кызмат козгогон кылмыш иштери соодалашуу менен бүтүп жатат деп айыптаган эле:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Түшүнүксүз, тымызын иштер жүрүп жатат. Канчасы мамлекетке, канчасы өздөрүнүн чөнтөгүнө кетип жатат белгисиз. Резонанстуу кылмыш иштер боюнча максималдуу ачыктык болуш керек эле. Сотко жеткирип, сотту ачык жүргүзүп, күнөөсүн моюнуна коюп, анан зыянды өндүрүш керек. Мыйзамдын негизинде иш жүргөн жок. Мамилесине жараша соодалашуу болуп жатат. Бийликтегилер деле, айыпталып жаткандар деле келишим боюнча билгенин кылууда. Жакшы соодалашсаң акча төгүп, эркиндигиңди, мандатыңды сактап каласың. Соода бышпай калса эркиндигиңди сатып аласың, бирок мандаттан ажырайсың”.

Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да азыркы мыйзамдар айыпталгандарды тергөө менен кызматташканы үчүн бошотууга жол берери менен түшүндүрүшөт.

Тагыраагы, Жазык кодексинин эң акыркы редакциясында, “тергөө менен кызматташуу” шарты “акчасын төлөп берип, жазадан кутулуу ыкмасы катары” чечмеленип калган.

Быйыл апрелде парламенттин тармактык комитетинде баш прокурор Курманкул Зулушев жаңы кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилсе, "тергөө менен кызматташуу" деген түшүнүк жоюларын билдирген эле. Ал муну мыйзамдардын "мүчүлүштүгү" катары сыпаттаган:

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

“Кылмышка шектүү өзү жазадан кутулуш үчүн күнөөсүз, балким ал ишти жасабаган адамдарга каршы көрсөтмө берип жатат. Муну менен тергөө оңой жүрүүдө. Тергөөчү изденбей калды. Тергөө менен кызматташкан адамдын айтуусу менен башкаларды жоопко тартат. Бул мыйзамдагы мүчүлүштүктөр. Буга байланыштуу маселени карап жатабыз. Жаңы кодекстерде өзгөртүү киргизип Жогорку Кеңешке алып келебиз”, - деди Зулушев.

Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору май айында коомдук талкууга коюлган. Документтерди президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан. Мыйзам долбоору ушул күндөрү парламенттин тиешелүү комитеттеринде каралып жатат.

Бажычынын эбегейсиз байлыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:52 0:00

Өндүрүлгөн каражаттар кайда?

Эми атайын кызмат өндүргөн каражаттардын өзүнүн дарегин издеп көрөлү.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттер менен соңку жолугушуусунда коррупциялык иштерге, мыйзамсыз баюуга жана башка иштерге айыпталгандар төккөн акча толугу мамлекеттик казынага өткөрүлүп жатканын билдирди.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Коррупция боюнча өтө чоң иштер алып барылды жана ал мындан ары дагы улантылат. Коррупционерлерден чыгымдардын ордун толтуруу үчүн өндүрүлгөн каражаттар толугу менен, акыркы тыйынына чейин өлкөнүн бюджетине төгүлүп жатат. УКМК мунун бир тыйынын да иштеткен жок жана ага укугубуз да жок. Албетте бул 6 млрд. сомдун ичинде мүлк формасында, соода борборлору, имараттар, батирлер, үйлөр жана башкалар да бар. Баары мамлекетке берилди”,-деди ал.

Экономика жана финансы министрлиги мурдараак УКМК өндүргөн каражаттарды казынага алып жатканын расмий билдирип келген.

Бирок бул жолку мекемеден соңку эсептеги 6 млрд. сомдун канчасын мүлк формасында, канчасын накталай алганын тактоо мүмкүн болгон жок. Министрликтин басма сөз кызматкери Замира Орозова менен үч күн байланышып, же өзүнөн же башка тиешелүү адистерден маалымат ала албадык.

Министрликтин финансы блогу мунун алдында 2021-жылдын алгачкы жарым жылдыгындагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө кабар чыгарган эле. Сөзүбүздү ошо менен улап, талдоого аракет кылып көрөлү.

Демек, Экономика жана финансы министрлигинин сайтында жазылгандай, январь-июнь айында республикалык бюджеттин кирешеси 80 млрд. 767 млн. сомду түздү. Бул аралыкта чыгаша 80 млрд. 191 млн. сом менен чыкты. Башкача айтканда кириш-чыгыш дефицитсиз жабылган, же тескерисинче профицит менен чыккан.

Эгер алгач бекитилген мыйзамда 2021-жылкы бюджеттин дефицити 8,5 млрд. сом экенин эске алсак, жарым жылдыктагы тартыштык кеминде 3-4 млрд. сом болушу керек эле. Ошондо бул боштук УКМК берген каражат менен жабылган деп бүтүм чыгарсак болчудай.

Анын үстүнө, министрлик өз сайтында салыктык эмес кирешелер арбыганын көрсөткөнү ушуга далил болуп турат:

Кыргызстандын улуттук валютасы.
Кыргызстандын улуттук валютасы.

“Каралып жаткан мезгилдеги салыктык кирешелер боюнча алганда, кирешелер 57 млрд. 422,8 миллион сомду түздү жана план 100,2% га же 115,3 миллион сомго көп аткарылды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19 973,0 миллион сомго көбөйдү. Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эсепке алганда) 20 млрд. 163,2 млн.сомду түздү. Өткөн жылдын деңгээлине карата салыктык эмес кирешелер 8 млрд. 968,0 млн.сомго көбөйүп, 2020-жылга карата өсүш темпи 180,1% түздү”,- деп айтылат Экономика жана финансы министрлигинин сайтында.

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом болот деп белгиленген.

Эми жыл соңунда ортодогу айырмачылык атайын кызмат өндүргөн каражат менен жабылабы-жокпу, белгисиз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG