Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Ташиев: Коррупция менен алтынчы башкы башкармалык күрөшөт


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы жоюлгандан кийин анын функциясы мекеменин Өзгөчө маанилүү иштер башкы башкармалыгына ( 6-башкы башкармалык) берилди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык кызматты жойгон жана бул кадамды паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам, бизнести колдоо аракети катары сыпаттаган.

Жапаров өзүнө караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөрүн билдирип, ага кайрылган ишкерлердин арыз-муңун өзү көзөмөлгө аларын айткан.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2011-жылы түзүлгөн. Ошондон бери анын мыйзамдуулугу, ишинин натыйжасы тууралуу дооматтар маал-маалы менен айтылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG