Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Түркмөнстан өз жарандарын эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирди


Ашхабад шаары. 15-июль, 2020-жыл.
Ашхабад шаары. 15-июль, 2020-жыл.

Түркмөн бийлиги 18 жаштан жогорку курактагы жарандарды милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрөт. Мындай чечим тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары 7-июлда билдиришти. Бирок анда жарандарга кайсы вакцина сайылары так айтылган жок.

Өлкө бийлиги өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар бар экенин пандемия башталгандан бери четке кагып келет. Расмий түрдө бул өлкөдө бир да адам COVID-19га чалдыккан эмес. Ошентсе да Түркмөнстанда санитардык эрежелер күчөтүлгөн. "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөдө вирус кенен жайылганын билдирип, ооруканалар толуп калган учурлар бар экенин кабарлап келет.

Июнь айынын соңунда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамеов Кытайдын "Синофарм" вакцинасынын жарым миллион дозасын сатып алуу боюнча жарлык чыгарган.

Январь айында Түркмөнстан орусиялык "Спутник V" жана "ЭпиВакКорона" вакциналарын каттоодон өткөргөн. Бирок Орусиянын өзүндө вакцина жетишсиз болгондуктан, Түркмөнстанга саналуу сандагы гана вакцина жөнөтүлгөн.

Буга чейин Тажикстандын бийлиги да 18 жаштагы жогорку жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG