Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Токмок: алдыга чыккан партиялар бири-бирин айыптоодо


Токмок шаары. 11-июль
Токмок шаары. 11-июль

Автоматтык эсептөө системасынын алдын ала жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо алты партиянын бешөө 7% босого чектен өттү. Шайлоого катышуу 44,55 % (16 973 шайлоочу) түздү. 11-апрелде өткөн мурдагы шайлоодо 16 018 шайлоочу добуш берген. Токмок шаарында жалпы 38 100 шайлоочу бар.

Автоматтык эсептөө системасынын алдын ала жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешине ат салышкан алты партиянын бешөө шайлоо босогосунан өттү. Алар: "Бирге", Эмгек", "Асыл мурас-жаштар", "Патриот ынтымагы" жана "Эл биримдиги" партиялары. "Ата Журт - Кыргызстан" партиясы Токмок шаарында экинчи жолу босого чектен өтпөй калды.

Саат 21.30га карата Токмок шаарында 28,27 % добуш менен биринчи орунга чыккан “Бирге-Вместе" партиясынын лидери Кайрат Чокеев экинчи орунда келе жаткан “Эмгек” партиясын административдик ресурс колдонду деп айыптады.

"Административдик ресурс колдонулду. Үй комитетинин башчылары, квартал башчылары, муниципалдык кызматкерлер шайлоо тилкесинен чыккан жок. Мэр ошол партиядан чыгып жатпайбы. Милиция чакыртсак эчтеке кыла албай койду. Добуш сатып алуу болуп жатат деп угуп жатабыз, бирок көргөн жокпуз. "Эмгек" партиясы таратып жатат деп угуп жатабыз".

“Эмгек” партиясын шайлоого баштап чыккан Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев “Бирге-Вместе” партиясынын лидеринин айыптоосун четке какты:

“Административдик ресурсту ошол “Бирге” партиясы колдонду. “РЭС, Ички иштер бөлүмү, билим берүү бөлүмү бүт ошолорго иштеп жатат. Эртең менен директорлор добуш бергендерди карап жатканы маалымат каражаттарына чыкты. Ал директорлор ошол партияныкы. Бизде бир дагы ресурс жок. Акча таратып кармалып жаткандар ошолордун адамдары”.

Токмок шаарындагы мурдагы шайлоого беш партия ат салышып, төртөө босого чектен өткөн. Шаардын мэри Данияр Амангелдиев жетектеп чыккан “Эмгек” партиясы анда көпчүлүк мандатты алган.

Өткөн шайлоонун жыйынтыгы көпчүлүк мандатты алган “Эмгек” партиясы шайлоочуларды жапырт каттоого тургузган деген айып менен жокко чыгарылган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов Токмок шаарында алты мыйзам бузуу фактысына байланыштуу териштирүү жүрүп жатканын, саат 17:00дө уюштурулган брифингде билдирди:

“Токмок шаары боюнча тогуз маалымат катталды. Эки факты курамында мыйзамсыз аракет аныкталбагандыктан кыскартылды. Бир маалымат башка фактыларга бириктирилип, алты факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат”.

Токмок шаарында бул жолку шайлоого жалпы алты партия ат салышты.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG