Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

15:32 12.7.2021

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо күнү Ички иштер министрлигине шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 67 маалымат түштү. Алардын баары электрондук журналга катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 162-беренеси, "добуштарды сатып алуу" боюнча үч факты, Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 119-беренеси, "майда бейбаштык" боюнча 2 факты аныкталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

15:29 12.7.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого катышкан партиялар шайлоо өнөктүгүнө 44 миллион 308 миң сом коротту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эсеби боюнча партиялар шайлоого Бишкекте 34 миллион 342 миң сом, Ошто 7 миллион 770 миң сом, Токмокто 2 миллион 140 миң сом жумшады.

11-июлда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Бишкекте 18 партиядан алтоо, Ошто сегиз партиядан төртөө, Токмокто алты партиядан бешөө утту. Бул эсеп добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн.

00:26 12.7.2021

23:28 11.7.2021

11-июлдун кечинде "Туран" партиясынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкектеги имаратынан алдында нааразылык акциясына чыгышты.

Бишкектеги шайлоо жыйынтыгына нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG