Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

22:42 11.7.2021

"Реформа" партиясы 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу партия "Фейсбуктагы" расмий баракчасында билдирүү таратып, саясий өнөктүктө айрым партиялар добуш сатып алганын, админстративдик ресурс колдонулганын жүйө келтирди.

"Реформа" Борбордук шайлоо комиссиясын жана башка комптенттүү органдарды шайлоодогу мыйзам бузууларды тыкыр иликтөөгө чакырды. Бирок партиянын билдирүүсүндө кайсы партиялар мыйзам бузганы ачык көрсөтүлгөн жок.

Мурдараак "Туран" партиясынын өкүлдөрү да шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, БШКнын имаратынан алдында каршылык акциясын өткөрүүгө камынып жатышканын айтышкан.

Бишкектеги шайлоого 18 партия ат салышып, баштапкы жыйынтыкта алтоо утуп чыкканы расмий кабарланды. Алар "Эмгек", "Ата-Журт-Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Өнүгүү-Прогресс" жана Социал-демократтар партиялары.

"Реформа" партиясы 6% жакын, "Туран" 0,38% добуш алган.

22:20 11.7.2021

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) сайтына 130 кибер чабуул аракети болду. Бул тууралуу БШКнын төрайыма 11-июлдагы шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенде айтты:

-Киберчабуулдар он мамлекеттен жасалды. Коопсуздук системасы аркылуу бул чабуулдар ийгиликтүү жоюлду, - деди Шайлдабекова.

БШКнын сайты Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы аркылуу иштелип чыккан. Ошондой эле сайтты өнүктүрүүгө ондон ашуун эл аралык уюмдар өнөктөштүк колдоо көрсөткөн.

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өттү. Катышуунун көрсөткүчү 30% ашты.

22:03 11.7.2021

22:01 11.7.2021

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG