Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

17:45 10.7.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо алдындагы жымжырттык күнү 10-июлда эртең менен саат 8:00дө башталды.

Бул убакыттан тарта талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш. “Жымжырттык күнүндө” эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет. Аларды алып салуу жөнүндө талап жок.

17:47 10.7.2021

Ош: "Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында "Ынтымак" партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетти.

Буга "Жалпы иш" коомдук фондунун арызы негиз болду. Фонд Ош шаардык милициясы партиянын талапкерин добуш сатып алууга шектүү катары кармаганын, ага карабай Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тартканын билдирди. Ушундан улам алар бул чечимге каршы Боршайкомго кайрылган.

"Ынтымак" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ал жетектеген партиядан талапкер добуш сатып алууга шек саналып кармалып, кайра коё берилгенин ырастады. Ал БШКнын жыйынында талапкердин мыйзамсыз ишке барарын билбегенин айтып, Боршайкомдун мүчөлөрүн партияны шайлоодон чыгарбай турууга чакырды.

10-июлда Марлен Маматалиев "Ынтымак" партиясы Ош шаарындагы шайлоого катышуудан өзү баш тартканын жарыялады. Анын билдирүүсүндө Ошто мыйзамсыздык болуп, айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүп жатканы айтылды.

Ош шаардык милициясы 7-июлда шайлоочуларга акча сунуштаган төрт кишини кармаган. Алардын экөө талапкер болуп чыккан. Текшерүү учурунда алардын жанынан жашоочулардын тизмеси жана 115 миң сом табылган. Милиция кармалгандар кайсы партиянын талапкерлери жана үгүтчүлөрү экенин ачык жарыялаган эмес. Бирок алардын бири 1959-жылы туулган Л.Б. аттуу жаран экени белгиленген. Кийинчерээк ал "Ынтымак" партиясынан шаардык кеңешке талапкер Бахадир Латиханов экени белгилүү болгон.

Ошто шаардык кеңешке кайра шайлоого тогуз партия - "Ынтымак", "Улуу Журт", "Бир Бол", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт - Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Келечек-Будущее", "Нур" жана "Биздин Кыргызстан" катышып жаткан. "Ынтымак" шайлоодон четтетилип сегиз партия калды.

17:49 10.7.2021

Президент Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого добуш берди

Президент Садыр Жапаров 10-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо тилкесинен тышкары добуш берди.

Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. 10-июль, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. 10-июль, 2021-жыл.

Президенттин басма сөз кызматы бир күн мурда президенттин жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус чыккандыктан участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурганын кабарлады.

“Президент тапшырган ПЧР тестинин жыйынтыгында коронавирус инфекциясы чыккан жок”, - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам боюнча участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилип бирок ден соолугуна байланыштуу же мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочуларга добуш берүүгө бир күн калганда шайлоо тилкесинен тышкары жайда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

17:51 10.7.2021

"Жалпы иш": шайлоо өнөктүгүндө Ошто мыйзам көп бузулууда

Шайлоого байкоо жүргүзгөн "Жалпы иш" коомдук фонду Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун жүрүшүндө 83 мыйзам бузуу фактылары аныкталганын кабарлады.

Алардын ичинен шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65, добуш сатып алуу боюнча 11, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларга карата коркутуу жана кысым көрсөтүү боюнча беш факты.

Талапкерлерди каттоонун жол-жоболорун бузуу боюнча бир жана участкалык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына байланыштуу дагы бир иш.

Фонд үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65 фактынын ичинен Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына 52 арыз жана кайрылууларды берген. "Жалпы иш" эң көп мыйзам бузуу Ошто болуп жатканын кошумчалады. Бишкек шаарында 24, Токмокто жети факты катталган.

8-июлда “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов жергиликтүү TMG телеканалына берген маегинде, Ош шаардык кеңешине шайлоодо административдик ресурс колдонуу тыйылбай жатканын айткан.

“Бул шайлоодо деле мыйзам бузуулар катталууда. Шайлоо болбой жатып эле милицияга 18 арыз келди. Жергиликтүү бийлик мурдагы адатынан арыла албай жатат. Таза шайлоо өткөрүүгө көнө албай турат. Мурдагыдай эле мыйзам бузуулар кайталанууда. Президент таза шайлоо өткөрүү принцибин туу тутуп жатат. Бирок Ошто ошого каршы иштеп жатышат. Жөн эле айтып жатат да деген күчтөр да бар", - деген Мелис Мырзакматов.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG