Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

"Үгүтү аз, чуусу көп шайлоо болду"


Шайлоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге шайлоо Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор жана аны жугузуп алгандардын саны эселеп көбөйгөн учурга туш келди.

Кабарчыбыз Бакыт Төрөгелди Бишкек менен Оштогу шайлоонун жүрүшү тууралуу БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова, саясат талдоочу Шайырбек Маматокторов менен маектешти.

“Азаттык”: Кыргызстандагы үч ири шаардагы кайра шайлоо буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу кандай өтүп жатат? Добуш берүү күнкү жана ага чейинки байкоолоруңуз тууралуу айтып берсеңиз.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Атыр Абдрахматова: Бул жерде жоопкерчилик жана ишеним маселеси ачык бойдон калды. Себеби, былтыр парламенттик шайлоо андан кийин үч шаардагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ошол эле кезде Каракол шаарында ушуга окшош эле мыйзам бузуулар болгону менен шайлоонун жыйынтыгы күчүндө калды. Ал эми шайлоонун уюштуруучулары (ред: Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү) дээрлик алмашкан жок. Шайлоонун талаптары, шарттары, дегеле мыйзамдар да өзгөртүлгөн жок. Кыргызстанда ар бир мезгилде шайлоо өтүп жаткандыктан, бул жолу шайлоочулар аз келет деген божомол болгон. Азыр алдын ала эсепте ошондой эле болуп жатат. Токмок менен Ошто шайлоочулар активдүү. Бирок Токмокто шайлоочулар аз эле да. Ошто болсо элди мобилизация кылуу оңой. Мен буга чейин добуштарды жашыруун сатып алуу аракети болот деп айткам. Партиялар да маалымдоо, үгүт иштерин өтө эле аз жүргүзүштү.

“Азаттык”: Шайлоочулардын аз келишине сиз башта айтып өткөн себептерден тышкары дагы кандай негиздер болушу мүмкүн?

Атыр Абдрахматова: Ишенбестик, жокко чыгарылган шайлоолорго күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылбаганы да себеп болууда. Андан тышкары буга чейинки шайлоого катышкан партиялар кайра эле шайлоого баратат. Бир катар талапкерлер башка партияларга кошулуп алды. Элдин да үмүтү үзүлгөндөй болуп турат. Ал эми талапкерлер менен партиялар кайра-кайра эле акчасын чача бергенден тажады. Алар үгүт иштерине, программа жазууга акча коротпой, добуш берүү күнүндө эле даректүү акча берүүгө өтүштү.

Бишкек. 11-июль, 2021-жыл.
Бишкек. 11-июль, 2021-жыл.

“Азаттык”: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) добуш сатып алуу, мыйзам бузуулар боюнча чара көрүлүп жатканын билдирип, айрым талапкерлерди кармаганын жарыялады. Буга чейинки окуялар партияларга сабак боло элекпи?

Атыр Абдрахматова: БШК, укук коргоо органдары алдын алуу иштерин жүргүзгөн жок. Добуш берүүгө үч күн калганда же добуш берүү күнү аларды кармагандан кандай жыйынтык болот? Анын үстүнө мыйзам боюнча добуш берүүгө үч күн калганда гана талапкерлерди шайлоодон четтетүүгө жол берилбейт. Добуш берүү күнү башка чара көрө алышпайт. “Тигини кармадык, муну кармадык” деген билдирүүлөр жөн гана биз иштеп жатабыз деп көрүнүп коюу да. Мисалы, 11-апрелдеги шайлоодо мыйзам бузгандарга кандай чара көрүлүп, жыйынтыгы эмне болду? “Бармак басты, көз кысты” болуп ишти жаап салышты. Административдик ресурс колдонгондорго кандай чара көрүлдү? Былтыр парламенттик шайлоодогу чууга тиешелүүлөр жазага тартылдыбы?

“Азаттык”: Кыргызстанда саясий күчтөр шайлоонун таза, мыйзамдуу өтүшүнө канчалык кызыкдар жана алардын тиешелүү аракетин көрүп жатасызбы?

Атыр Абдрахматова: Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча талкуу болуп жатат. Алар өз сунуштарын бере элек. Бул жараянга аралашып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөр дээрлик жок. Бул да саясий күрөш да. Экинчиси - БШКнын жаңы курамы шайланганда бир да партия өз пикирин билдире алган жок. Президент жана парламенттеги партиялар сунуштаган талапкерлерге сын айтып, аларга альтернативдүү талапкерлерди көрсөткөн жок. Себеби, “шайлоодо жаман көрүнөбүз. Мыйзам бузуулар болсо шайлоодон четтетилип калабыз” деп унчукпай отурушту. Бул Жогорку Кеңештин сыртындагы партияларга тиешелүү. Ал эми парламенттеги партиялар алар өздөрүнүн кишилерин БШКга коюп алышты. Ошол эле кезде жарандарга да байланыштуу маселе бар. Шайлоо – элдин мамлекеттик башкарууга аралашууга болгон мүмкүнчүлүгү. Шайлоого барбай туруп кийин бийликке сын айтуу - ал жоопкерчиликтен качуу. Саясатчылар да шайлоону аз убакытта акчасы бар кишилерди чогулта калып, эптеп программа жазып бийликке келүү деп түшүнбөшү керек. Бул – күнүмдүк иш, саясий күрөш. Идеялардын, адистердин атаандаштыгы.

Саясат талдоочу Шайырбек Маматокторов ушул күндөрү Ош шаарында жүрөт. Биз аны менен Оштогу шайлоонун жүрүшү тууралуу маек курдук.

“Азаттык”: Шайырбек мырза, кандай гана шайлоо болбосун Бишкек менен Ошто саясий өнөктүк курч өтөрү белгилүү. Ошто 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгын бир партиядан башка бардык партиялар тааныган эмес. Бул жолу шайлоо кандай өтүп жатат?

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

Шайырбек Маматокторов: Эми мындан аркы кырдаал шайлоонун жыйынтыгына жараша болот. Эгерде колунда административдик ресурсу бар, бийликке жакын партиялар же акчалуу партиялар мыйзамдарды одоно бузуп жибербесе, өткөндөгү шайлоого салыштырмалуу бул жолу адилеттүү өтүшү мүмкүн. Ошто шайлоочулар Бишкек менен Токмокко караганда активдүү. Ошто бир-эки мыйзамсыз иштер болду. Бирок чектен чыккандар жок.

“Азаттык”: Үч шаардагы кайра шайлоого партиялар үгүт иштерин солгун жүргүздү. Буга эмне себеп болду? Партиялардын чөнтөгү жукардыбы?

Шайырбек Маматокторов: Буга чейинки шайлоодо үгүт иштерин активдүү жүргүзүүгө себептер бар болчу. Айрыкча Бишкек менен Ошто бош билборддор калчу эмес. Азыр андай үгүт иштери жок. Акча да көп чачылбады. Себеби, көп партиялар бул жолу да шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып кетсе эмне болот деп тайсалдап турушат. Экинчиден, Конституция өзгөртүлгөндөн кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууну каалагандар азайды. Анткени, жаңы Баш мыйзам боюнча шаардык кеңештер мындай турсун, Жогорку Кеңештин да ыйгарым укуктары азайып, бийлик бир тарапка ооду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG